Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Кадамжай шаардык кеңеши кантип шаардын мэрин шайлай албай калышты.
Шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо 2016- жылдын 11- декабрында болуп өткөн. Кадамжай шаардык кеңешине 21 депутат партиялык тизме аркылуу шайланып келишти, алардын ичинен 16 эркек жана 5 аял.

КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундө» Мыйзамына ылайык шаардык кенештин депутаттары Кадамжай шаарынын аткаруу бийлигинин башчысы – мэрди ушул жылдын 27-январда шайлашмак. Алгачкы жолу мэрдин кызмат ордуна КСДП партиясынан жана «Республика Ата-Журт» партиясынан бирден талапкерлер көрсөтулгөн. Бирок, кворумдун жоктугунан бул куну шаардын мэри шайланбай калган. Болгону 21 депутаттын ичинен 11 гана шайлоого келген, 10 депутат себепсиз келбей коюшкан. Жогорудагы мыйзамдарга ылайык депутаттардын жалпы санынын 2/3 же 14 депутаттан ашыгы катышкан учурда, бул шайлоо өтмөк. Кворумдун жогунан Кадамжай шаарынын мэри шайланбай калды.

Экинчи жолу шайлоо 7-февралга белгиленген. Анда «Республика Ата-Журт» партиясынан бир талапкер мэрлике катталган. Бул жолу шаардык кенештин 12 депутаты шайлоого катышып, 9 себепсиз келбей коюп, дагы бир жолу шайлоону үзгүлтүккө учуратышты.

Мыйзам боюнча эки жолу шайлоо өтпөй калган учурда, борбордук шайлоо комиссиясы Кадамжай шаардык кенешин таркатуу туралуу токтомун чыгарып, Президентке жөнөтүүсү керек. Президент шаардык кенешти таркатуу тууралуу Жарлыкты чыгарган күндөн баштап шаардык кеңеш таркатылып, кайра жаңы шаардык кенешти шайлоо күнү белгиленет.

Эмне үчүн сунушталган талапкерлерге шайланып келген депутаттар каршы чыгып колдоого албай коюшту? КСДП менен РАЖ партиялары татыктуу талапкерлерди көрсөтө алган жокпу же депутаттардын башка максаты бар беле? Бул жерде чыныгы саясий тирешүү журуп жатабы же саясий оюнбу? Депутаттар шайлоого мамлекеттик бюджеттен канча каражат чыгымдалып жатканын билишеби? Эгер шайлоого кеткен акчаларды депутаттардын чөнтөгүнөн кайтаруу жөнүндө мыйзам болсо, алар биринчи турда эле шайлап коет беле? Жалаң эле баш ооруткан суроолор, а туура жооптор кайда? Баш оорутпай эле мындай шайлоодон кетип жалпы элдик шайлоого өтүш керекпи?

P.S. Жергиликтүү кеңештин депутаттары качан жалпы элдин жүгүн толук мойнуна алган кез келет?