Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Күнөөсүз күнөөлүүлөр

1-августта жарыяланган каржы министринин маалыматына ылайык, 2017-жылдын биринчи жарым жылында жергиликтүү бюджеттерге 6 млрд 444,8 млн сом киреше түшүп же бюджеттин планы 97,3% гана аткарылган экен. План боюнча жергиликтүү бюджетке 6 млрд 626,8 млн сом болжолдонгон, андан 181,8 млн сом аз түшүп план аткарылбай калып отурат. Каржы министрлигинин пресс-кызматы бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 586,9 млн сомго азайганын билдирип, аны салык мыйзамдарынын өзгөргөнүнөн сатуудан түшкөн салыкты төлөгөндөрдүн бошогонуна байланыштырат.

Жакында бардык райондордо жана облустарда жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиялар болуп өттү, жарым жылдын жыйынтыгы чыгарылды. Ошол коллегияларда бюджетке аз түшкөн 181,8 млн сомго байланыштуу салык пландарын аткарбаганы үчүн канчалаган айыл өкмөт башчылары сөгүш алышты экен? Албетте, аткаруу органы болгон айыл өкмөттөрдү толбой калган план үчүн эч ким “ башынан сылап эркелетпейт”, “ азаматсың деп мактабайт”. Анан тарбиялоо , үйрөтүү жана коркутуу үчүн аким – губернаторлор сөгүштү беришет. Бул жаңылык деле эмес, буга баары көнүп эле калган . “ Иштебесең эшикке чык !”-деген кепке арзыгандары да арбын. Башкысы сөгүштү бергендер да бергенине, алгандар алганына “кубанып” курсант болуп жүрө беришет.

Мындай карасаң, баары туура көрүнөт. Бирок, эң кызыгы башкада, ошол алган сөгүштөрү мыйзамга ылайык келбегенинде. Мыйзамда салык чогултуу бул мамлекеттин аткара турган милдетине кирип, жергиликтүү бийликтин милдетине кирбей калган.

”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18- беренесиндеги жергиликтүү маанидеги маселелерде салык тууралуу издесең да таппайсың, ал тууралуу 20-беренедеги мамлекеттик ыйгарым укуктарда гана айтылат. Демек,салыкты чогултуу айыл өкмөттүн мыйзамдагы милдетине кирген эмес.

Ыйгарым укуктарды мамлекеттик органдар( мында мамлекеттик салык кызматы) айыл өкмөттөргө мыйзамдын же келишимдин негизинде өткөрүп берүүсү каралган. Мыйзамга ылайык өтпөгөн милдетке эмне үчүн сөгүш алып, ал гана эмес айып пул төлөп жатышат (кээ бир учурда төлөп жүрүшөт)? Жогорку мамлекеттик кызматта иштеген азаматтарыбыз мыйзамдагы бул өзгөчөлүктөрдү билишбейби же билип туруп эле өздөрү мыйзамды буза береби? Таңгааларлык нерсе, акимдердин берген сөгүштөрүнүн мыйзамсыздыгына мыйзамдын так аткарылышына көзөмөлдөөчү прокуратура эмнегедир көңүл бурбайт, эскертүү берип жокко чыгарбайт? Турмушта туура эмес берилген сөгүш жокко чыгарылды дегенди уга элекпиз...

Мүмкүн, жогорку кызматта иштегендерге мыйзамды окубаган жана билбеген айыл өкмөттөрдү башкарыш, иштетиш жана коркутуп коюш башкаруунун оңой жолубу?

Ошентип, жерден боорун араң көтүп келе жаткан жергиликтүү бийликти желкеден кармап, баш көтөртпөй, кыңк эттиртпей иштете берсе болобу? Бекеринен айыл өкмөттөрүн “шорпосунан шору көп” деп айтпаганына аргасыздан ишенет экенсиң.

Белгилүү орус тамсилчиси Иван Крыловдун “ Козу менен карышкыр” тамсилининдеги козунун ахыбалына азыркы айыл өкмөттөрдүн тагдыры негедир окшошуп тургансыйт, ошон үчүн күнөөсүз күнөөлүү болуп жатышпайбы...