Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Балдардын келечегин ойлобогон мамлекеттин келечеги барбы?

Өткөн жумада 24.kg сайтына Бишкектеги № 120 бала бакчада бир жарым айдан бери балдардын тамагынын начарлап кеткенине байланыштуу ата-энелердин нараазылык билдирүүсү чыккан. Ага жооп кылып бала бакчанын жетекчилиги жыл башы болуп тендер өтпөгөндүктөн эт менен сүт май жоктугун айтышып, жакында бул суроо чечилет деп билдиришкен. Бир жагынан карасаң, жашоодо көп эле кездешип жүргөн көрүнүштүн бири, экинчи жагынан бул жагдай “балдар кандай тамак ичип жатты экен” – деген кызыгууну жаратат. Жогорудагы көрүнүш бир эле бала бакчага тиешелүүбү же бардык бала бакчаларга мүнөздүү көрүнүшпү? Биздин балдардын тамактануусуна ким жооп берет жана канча каражат каралат болду экен?

Албетте, жеке менчиктеги бала бакчалардын шарттары да, тамагы да жакшы болуш керек, себеби ата-энелердин төлөгөн акчасына жараша болору белгилүү. Ал эми айыл өкмөттүн, мэриянын карамагындагы муниципалдык менчиктеги бала бакчалар мыйзам боюнча тамак-аш продуктыларын тендер аркылуу сатып алышат. Айыл өкмөтү же мэрия балдардын тамактануусунда үзгүлтүк болбоосу үчүн алдын ала план түзүп, тендерди 3 же 6 ай мурун өткөрүүлөрү керек. Жогорудагы № 120 - бала бакчада учурунда тамак-аш сатып алуу боюнча тендер өтпөй калганбы деген ой келет, а мүмкүн тендерди уткан тарап өз маалында камсыздай албай калгандыр. Албетте, мунун баарына жергиликтүү бийликтин аткаруу органы жооп берет жана муну туруктуу көзөмөлгө алуусу алардын милдети. Ошондуктан бул жаралган көйгөйдү жалпы массалык түрдө кездешүүчү көрүнүш дебей, болгону бир гана жерде кеткен каталык деп карап туралы.

Эми бакчадагы балдарыбыздын тамактанышына мамлекет канча каражат караганына келсек. Кыргыз Өкмөтүнүн 2009-жылы чыккан токтомунда бир балага тамак-ашка кетчү каражат 36 сом өлчөмүндө көргөзүлгөн, анын 18 сомун ата-эне төлөсө, 18 сомун бюджеттен төлөө каралган. Андан бери канча убакыт өтсө да эч кандай өзгөрүү боло элек, жакшыртуу багытында башка укуктук-ченемдик актылар да чыккан жок. Кийинки мезгилде өлкөбүздө арзандап кеткен эч нерсени кездештирген жокпуз,тескерисинче турмушта баары кымбаттап жатат, анын ичинде тамак-ашта болгон баалардын төмөндөгөнүн эч ким көрө элек. Ошентип балдарыбыздын тамагына болгону бир күнгө 36 сом берип “тойгузуп” келе жатабыз. Бул каражат жетиштүүбү же жетишпейби деп бийлик тараптан ойлонгон, толгонгон аракеттер э мнегедир байкала элек. Бардык милдет менен жоопкерчилик айыл өкмөткө же мэрияга жүктөп коюшкан, болгону дотацияга тургандары жогору жактан тамак-аш үчүн теңдөөчү грант алып турса , дотациядан чыккандар жергиликтүү бюджеттен каржылайт. Демек, бюджеттен аз эмес каражат сарпталып жатканын көрүүгө болот.

Чындыгында бул 36 сомго чоң кишини кой, жаш баланын карды тойбошу бышык, муну түшүнгөн ата-энелер бала-бакчалардын администрациясы менен акылдашып, көбүнчө алардын сунушу менен 18 сомдун ордуна 50-100 сомго чейин кошумча төлөөгө “өз ыктыяры” менен макул болушат. Анан ушул “кошумча” чогултулган каражат аркылуу балдардын тамактануусун жакшы деңгээлге чыгат. Бала дегенде эч нерсени аябаган ата-эне, бала бакчанын калган кем-карчын да көтөрүүдөн баш тартышпай болгон жардамдарын берүүгө даяр турушат. Таңгалычтуу жагдай мына ушунда турат, эптеп баласын бакчага киргизген ата-эне, эч качан “эмне үчүн мындай? деген...ж.б.” суроолорду эч беришпейт. Айласыздан бала үчүн баарына макул болушат. Эл арасында “бала ата-эненин акчасына эт,май жеп ,сүт ичсе, мамлекетин акчасына компот ичет” деген кеп чындыкка дал келип жатат.

Азыркы учурда өлкөдө бала бакчалардын жетишсиздиги чоң көйгөй болсо, андагы балдардын тамактануусу андан ашпаса да ,кем болбогон көйгөйдүн бирине айланып отурат.

Республикалык бюджеттен күнүмдүк тамак-ашына каражат бөлүнгөн бир топ тармактар бар. Мисалы: мекен сакчылары болгон жоокерлер, сыркоолоп ооруканада жаткан бейтаптар, эркине ажырап абакта жаткандар ж.б. Аларга балдардын тамактануусун салыштырып карасак, ортодогу айырмачылыкты байкоо анчалык деле кыйынчылык туудурбайт.

“Мекенди сүйүү эненин сүтүнөн башталса”, мекендин келечеги болгон наристелерибизге болгон камкордук бала бакчадан башталарын ар бир мекенчил жараныбыз жакшы түшүнүүсү азыркы мезгилдин талабы.

Ансыз деле алсыз болгон жергиликтүү бийликти бул тармактагы көйгөйлөрүн чечүүдө жалгыз калтырбай, мамлекеттин бардык органдары жалпы жардамын көргөзөтурган кез качан келет? Эгерде маселеге көңүл бурулбай улам эле кайрадан создуга берсе, анда коомубуз келечекте дени сак жарандарсыз калбайт деп ким кепилдик бере алат? Балага кам көрбөгөн өлкөнүн келечеги кандай болот?