Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

БШК да мыйзамсыз токтомдорду чыгарабы?

Жекшембиде 14-январь күнү Акипресс сайтына Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги токтомун жарыялады, анда БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү тууралуу айтылган. Мындай караганда анчалык деле олуттуу жаңылык жок кадимкидей эле көндүм иш сыяктуу көрүнөт. Болгону айылдык жана шаардык кеңештердин бир депутатын кетип,ордуна кезекте турган кийинки кандидаттын депутат болуп келиши, тактап айтканда 18 депутат тууралуу чыккан токтом. Депутаттардын кетишине алардын депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалышы, өлгөндүгү , жеке жазган арызы жана жергиликтүү кеңештин сессияларын 4 жолудан ашык себепсиз калтыргандыгы себеп болгон.

Эң кызыктуусу, ушул токтомдо 3 депутаттын жергиликтүү кеңештин сессияларына 4 жолудан ашык себепсиз келбей койгондугу үчүн ыйгарым укугунан ажыраганын көргөзүлгөн. Алар Ысык-Көл районунун Темир айыл кеңешинин депутаты Казакбаев З.К. ,Жайыл районунун Сары-Коо айыл кеңешинин депутаты Огонбаев Э.Д. жана Жайыл айыл кеңешинин депутаты Алишеров З.А.

Туура, БШК “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө “ мыйзамдын 24-беренесиндеги мыйзамдык нормага ылайык ажыратып отурат. Бирок, бул норманын мыйзамдуулугун 2015-жылдын 12 –июнунда Кыргызстандын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасында каралып , мыйзамдын бул нормасы негизги конституциялык эл бийлигинин принциптерине карама-каршы келерин, депутатты чакыруу алуу укугуна шайлоочулар гана ээ экендигин белгилеген. Жергиликтүү кенештердин депутатты чакыруу алуу боюнча маселе көтөрүүсү негизги конституциялык элдик бийлик принциптерине туура келбестигин көрсөткөн.

Мына караңыз, БШК кандай токтом кабыл алганын, мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин? Эки жылдан ашык убакыттан бери Конституциялык палатанын чыгарган тыянагы БШКга жеткен эмеспи же билип туруп атайын колдонушпай койдубу?

Ошентип, БШК жогорудагы 3 депутатты ыйгарым укугунан мыйзамсыз ажыратып салды.