Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Массалык футбол гана ийгиликтерди багындыртат
Азыр кыргыз коомчулугу өпкө-өпкөсүнө батпай, биздин футболчулардын Азия кубогунда жетишкендиктерине кубанып турган чагы. Биздин ак шумкарлар Азиянын дөө-шааларынын арасында ары татыктуу, ары сыймыктуу кыргызды дүйнөгө тааныта ала турган оюн көргөзө алышты. Дүйнөлүк коомчулук кыргыз жүзүн, элин, анын ичинен күйөрмандарын, алар көтөргөн желегин дагы бир жолу футболчуларыбыз аркылуу көрө алышты.

Өткөн жылдын жайында Орусияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта Хорватиянын улуттук командасы жакшы оюн көргөзүштү. Хорватиянын калкынын саны 4, 2 млндон ашык,бул кичинекей мамлекеттин жалпы аянты - 56 594 км² болсо, биздин Кыргызстандын аянты 199 951 км². Жалпылап айта турган болсок, өлкөсүнүн жер аянты бизден төрт эсе кичинекей, эли биздикинен 2 млн адамга аз. Бирок, футбол оюну хорваттарда жакшы өнүккөн, алардын көптөгөн мыкты оюнчулары Европадагы эн күчтүү деген командаларда ойношот. Натыйжасы - футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыгып, күмүш байгеге ээ болушту. Негизгиси – массалык футбол кичинекей балдардан баштап улуттук командага чейин туура жолго коюлган. Хорватияда жана башка өлкөлөрдө футболго балдар кандай жол менен келишет, кандай даярданышат жана кандай камкордуктар көрүлөт? Жалпы өлкөнүн элин бириктирген бул оюндун күчү эмнеде?

Канткенде биз ушундай жетишкендиктерге жете алабыз? Мындан ары футболго мамлекеттик денгээлде көңүл бурулабы, азыркы жеңишибиз мындан ары уланабы, шартыбыз менен мүмкүнчүлүктөрүбүз канчалык? Өткөн жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу кайсы айылда жакшы түптөлгөн, анда жашаган элдердин ынтымагы, кандай жетишкендиктери бар-жогун иликтөө үчүн жер-жерлерди кыдырып, элдерден сурамжылоо жүргүзүп жүрүп, бир айылдан ушул маселеге байланышкан окуяга кезиктим. Жогоруда берген суроолорго жоопту ал жерден тапкандай болдум.

Жети - Өгүз районуна караштуу Жети - Өгүз айылдык аймагынын Чырак айылындагы футбол командасынын ийгиликтери бизди кубандырды. Чырак айылында ар бир күнү кечинде мектептин футбол аянтчасында машыгуулар өтүп турат экен. Балдар футбол ойноп жатканын көрүп, айыл тургундары менен сүйлөшүп калсак, алар “балдарыбыз күнүгө кечинде машыгуу болот деп чуркаган бойдон кетишет” деп сыймыктануу менен жооп беришти. Футболго болгон кызыгуу күчөгөндөн бери биздин мектепте “рэкет” деген нерсе жок, тамеки тарткан, ичимдик ичкен жаштар жокко эсе. Анан калса баарыбыз жаш кары дебей кечинде мектептин футбол аянтчасына келип футбол ойнойбуз, же футбол ойногондорго күйөрман болобуз. Эртең келгиле, футболдон турнир болот” - деп калышты. Эртеси мектептеги чоң футболдук аянтчаны, үч мини – футбол аянтчасы кылып ылайыкташтырып, айылдык жаран-машыктыруучу Камчыбек Омурбековдун 50 жылдыгына арналган ардагерлер арасындагы турнир өткөрүп жатыптыр. Бир райондун бардык айылдарынан футболдун ветерандары-ардагерлери чогулуп футбол ойношту. Бул турнирде бардык эрежелер сакталып, башталышы менен аягында Кыргызстандын гимнин жашы-карысы дебей баары чогулуп ырдап турганы, абдан сонун көрүнөт экен.

Айыл тургундарынын айтуусунда, Өмүрбеков Камчыбек 16 жыл мурун, шаардан өз айылына көчүп келип, ошондон бери күндө кечинде балдарды футболго машыктырып келет экен. Ал балдарды машыктырганы үчүн эч жактан айлык албай бекер иштеген. 2017 - жылы гана айылдык мектепке дене тарбия боюнча мугалим болуп ишке кирип, айлык ала баштаган экен. Ал бүт өмүрүн футбол оюнуна арнаган чыныгы фанат адам экен. Балалыгы айылдын башка балдарындай эле болуп топ тээп чоңоет, кийин аны улантып, көргөн-билгенин кийинки муунга үйрөтүп келе жатат. Ал киши биздин балдарыбыз үчүн чоң кадыр-баркы бар инсан, айткандарын бардыгы аткарышат. Тартиптүү жаштардын өскөнү кубандырат. Айылыбыздын Чырак аттуу футбол командасы жакшы жетишкендиктерге жетип, Кыргызстанга далай мыкты футбол чеберлерин дайындап жатат, арасында кыздар дагы бар экен.

Футбол - балдарыбыздын ден – соолугун гана чың кылбастан, жүрүм турумун да оңдойт. Футбол – бул коллективдүү оюн болгондуктан, жеңишке жетүү үчүн көптөгөн инсандардын бирдиктүү аракетин талап кылат, ал аң-сезимди жана жоопкерчиликти да тарбиялайт – дешет футбол ардагерлери.

Бир кезде күрөш боюнча өзгөчө “бум” болуп, спорт залдар ошол спорт түрүнө ыңгайлашып, машыгып күрөшкөндөр көбөйүп, жыйынтыгында биздин балбандар мыкты ийгиликтерди жаратып жатышат. Кийинки учурда көптөгөн айылдарда мини футбол талаалары курулуп, анда ойногон жаш-карылардын саны өсүп, жыйынтыгында футбол - жүрөк жылытып, сыймык артырып элди бириктирген күчкө айланып отурбайбы.

Эмнеге, биздин мектептерде, жогорку окуу жайларда футбол командалары ЖОК? Эмнеге биз каражатты тренерлерге жумшагандан тартынабыз? Чырактагы Өмүрбеков Камчыбек агайдай болгон инсандарыбыз ар бир айылдарда бар, болгону ошондой адамдарды табып, ар бир мектепке иштин көзүн билген, билимдүү машыктыруучуларды тартып, ар бир мектепке, жогорку окуу жайларга футболдон командаларын түптөгөнгө шарт түзүп бере алсак, келечекте дүйнөгө өлкөбүздүн даңкы футбол аркылуу чыгат деген үмүт жаралды.