Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Коомдук угууну кантип туура өткөрүү керек

Коомдук угуу деген эмне?

Коомдук угуу – ачык талкуулоо формасындагы уюштуруу иш-чаралары, аларды коомдун жашоосунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин изилдөө үчүн негизинен шайланган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөрөт.

Коомдук угуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана калктын ортосундагы натыйжалуу маалыматтык көпүрө болуп саналат.

Эреже болгондой, коомдук угуулар коомдук маанилүү маселеге байланыштуу жарандардын пикирин чогултуу үчүн өткөрүлөт.

Коомдук угууну кантип туура өткөрүү керек?

Коомдук угууларды өткөрүүдө төмөндөгү негизги эрежелерди кармануу сунушталат:

1. Угууларга катышуу үчүн төмөндөгүлөрдү тартуу керек: темага кызыкдар бардык коомдук топторду; маселени чечүү үчүн жооп бере турган бийлик өкүлдөрүн; массалык маалымат каражаттарын.

2. Коомдук угууларды өткөрүүдө төмөндөгү принциптерди жетекчиликке алуу керек: 1) маселе боюнча альтернативдүү пикирлерди талкуулоого чыгаруу; 2) беделдүү эксперттерди тартуу; 3) угууга бийлик органдары тарабынан кароонун баштапкы баскычында турган маселелер чыгарылат; 4) эмоцияларды эмес, фактыларды айкалыштырууга басым жасоо.

3. Коомдук угууларды уюштуруучулар (уюштуруу комитети) алдын ала аныкташы керек: баяндамалардын темасын (кесипкөй эмес аудитория үчүн – көп дегенде эки-үч тема), баяндамачыларды; өткөрүү орду; иш-чараны өткөрүү убактысы; убактылуу регламент; алып баруучунун жана анын орун басарынын талапкерин.

4. Баяндамалар убактысы боюнча 10дон 20 мүнөткө чейин бирдей болушу керек. Сөз сүйлөө үчүн алдын ала жазылуу боюнча 3-5 мүнөт берилет. Суроо-жоопко, маалымдамага жана кезек тартибинде жазылуусуз жарыш сөзгө чыгууга – 1-2 мүнөт.

5. Угуу негизинен бир жарым сааттан үч саатка чейин созулат. Мындан да узак иш-чараны уюштурууга болот. Бирок анда ар бир бир жарым саат сайын 10-15 мүнөттүк тыныгууларды жасаш керек. Бул биринчиден, өзгөчө көңүл бурдуртпастан, кимдир бирөөлөрдүн кетип калуусун, экинчиден, эс алууну, үчүнчүдөн өз ара жана пресса менен баарлашууну шарттайт.

6. Алып баруучу регламентти так сактап жана баяндама бүткөнгө чейин бир мүнөт мурда убакыт аяктаганын эскертиши керек.

7. Сиз угуунун жыйынтыгы боюнча алгыңыз келген ченемдик документти аныктоо керек. Анын долбоору алдын ала даярдалышы керек.

8. Коомдук угуунун документтерин тариздөө керек. Жазуу түрүндөгү материалдарды каттоого алуу керек. Кыска – 1 бетке чейинки сунуштар угуунун материалдарына карата тиркелет (пикир катары) жана андан соң алар менен бирге таратылат. Стенограмманы үч күн аралыгында чечмелеп, текшерип, оңдоо керек.