Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Баетово АА: жергиликтүү бюджет боюнча ачык-айкын коомдук угууларды өткөрүү аркылуу ишенимге жана өз ара түшүнүшүүгө жетишүү

Коомчулуктан кандайдыр-бир маалыматты жаап-жашыруу, мейли ал борбордук органдар тарабынан болобу же жергиликтүү жетекчилик тарабынан болобу айрымасы жок, ал иштеп турган бийиликке болгон жарандардын ишенбөөчүлүк сезимин жаратат. Эгерде ЖӨАБнун аткаруу органдарынын ишин карай турган болсок, жергиликтүү бюджет боюнча коомдук угуулар маалыматка жетүүнү камсыз кылуунун таасирдүү куралы болуп саналат.

Иш жүзүндө айыл өкмөтүнүн иши тууралуу жергиликтүү кеңеште толук маалыматтын жоктугунан улам ЖӨАБнын өкүлчүлүктүү жана аткаруу бийилик бутактарынын ортосунда ишенбөөчүлүк менен өз ара түшүнбөөчүлүк көп жолугат. Көп учурларда коррупция, бюджеттик каражаттарды натыйжасыз пайдалануу боюнча шектенүү жаралат. Аткаруу органдарынын өздөрүнүн иштерин жеткиликтүү кылып көрсөтө албагандыгы мына ушулардын башкы себептери болуп эсептелет. Жергиликтүү бюджеттин чектелгендигинен улам аткаруу бийлигинин иштери жергиликтүү жамааттарга көзгө көрүнбөгөн жана натыйжасыздай сезилиши мүмкүн.

Түзүлгөн мына ушундай стреотипти талкалоо үчүн Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Баетов айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Сатар Каленов өзүнүн кесиптештери жергиликтүү кеңештин депутаттары менен бирдикте «теңди тең окууту» форматын пайдалануу менен жергиликтүү бюджет боюнча ачык бюджеттик угууну өткөрүүнү чечкен. Буга Борбордук Азиядагы Евразия фондусу (ФЕЦА) ишке ашырып жаткан «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара окуу жана тажрыйба алмашуу» деген темадагы Бүткүл дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында 2013-жылдын 2 февралында Нарын облусунун Ак Талаа районунун жергиликтүү кеңешинин бюджеттик комиссиясынын депутаттары катышкан (Семинардын сүрөттөрү) жана 13-14-феварылында финансистер үчүн өткөрүлгөн

улуттук семинарга (Улуттук семинардын сүрөттөрү) Баетов АА ФЭБ башчысы Сатаров Календин катышуусу түрткү болгон. Угууга катышуу үчүн С. Каленов жергиликтүү кеңештин төрагасы Т. Рысбаев менен акылдашып районундагы 13 айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү кеңештин депутаттарын жана мына ушундай иш-чаралардан тажрыйба алууну көздөп 2013 жылдын 12 мартында ФЭБ башчыларын чакырган. Жыйынтыгында коомдук угууга 75-80 адам катышкан.

Ушул жолугушуунун жүрүшүндө бюджет толук талдоого алынып, жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү беренелер боюнча көрсөтүлүп, өткөн жылдын бюджети менен салыштырма талдоо жүргүзүлүп, ошондой эле пландаштырылган финасылык жылдагы негизги артыкчылыктар презентацияланган. Бюджеттик угуунун алкагында Баетов айылдык аймаганын бюджети кандай натыйжага жетишкендиги жөнүндө дагы кеп салышты.

Каражат каржылангандын негизинде кандай кызматты, жеңилдикти же артыкчылыкты айылдын тургундары ээ болду.

«Теңди тең окууту» принциби боюнча окуунун форматы ачык жана жемиштүү талкуулоо жүргүзүүгө жардам берип, бюджеттик угуунун катышуучуларынын каалоолорун максималдуу түрдө эске алууга мүмкүнчүлүк берди.

Коомдук угуулар өткөрүлгөндөн кийин жергиликтүү кеңеш тарабынан ишенбөөчүлүк жокко чыгарылды, анткени ага жергиликтүү бюджет боюнча толук маалымат берилди. Башка айылдардан чакырылган катышуучулар ыраазы болушуп, аткаруу жана өкүлчүлктүү бийлик бутактарынын ортосундагы пикир келишпестиктерди жана ишенбөөчүлүктү четтетүү үчүн ушундай форматтагы угууларды өздөрүндө өткөрүү тууралуу ниеттерин билдиришти.

Бюджеттик угуунун сүрөттөру бул жерде