Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчысына талаптар өзгөрүлдү!!!

31 октябрь 2013 жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык Палатасы өз чечими менен «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 42-беренесинин экинчи абзацы, 48-беренесинин экинчи абзацы, чоң коркунуч келтирилбеген жана анча оор эмес кылмыштарды жасагандыгы үчүн, соттуулугу жоюлган же алып салынган жарандарга карата Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама каршы келет, деп табылсын деген.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» КР Конституциялык мыйзамынын 51-беренесине ылайык «Конституциялык палата тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын же алардын жоболорунун конституциялык эместигин белгилөө тиешелүү мамлекеттик органдарын жана кызмат адамдарын сот актыларынан тышкары, аларга негизделген, алар тарабынан чыгарылган ченемдик укуктук актыларды Конституцияга жана Конституциялык палатанын актыларына ылайык келтирүүнү милдеттендирет. Аларды ылайык келтирүүгө же жокко чыгарууга чейин түздөн-түз Конституция, ошондой эле Конституциялык палатанын чечими колдонулат».

Ошондон улам КР чоң коркунуч келтирилбеген жана анча оор эмес кылмыштарды жасагандыгы үчүн, соттуулугу жоюлган же алып салынган жарандары КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчысы (шаардын мэри же айыл өкмөттүн башчысы) боло алышат.