Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Жергиликтүү бийликтин ченемдик укуктук актыларын мыйзамдашууга Өкмөт көмөктөшөбү?

2013-жылдын 9 -10 декабрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумунун Улуттук жыйыны болуп өткөн. Ушул жыйынга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жергиликтүү кеңештин бюджеттик комиссиянын төрагалары жана финансы экономикалык бөлүмүнүн башчылары чакырылган. Анда жергиликтүү кеңештердин чыгарган чечимдерин мыйзамдашуудагы болуп жаткан көйгөйлөр жана маселелер көтөрүлдү.

КРнын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралы №117 «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык жергиликтүү бийлик ченемдик укуктук актыларын расмий жарыяланышы үчүн, ал актыларды же айылдык аймактын сайтына же расмий гезитине басып чыгууга милдеттүү болгон.

Бүгүнкү күндө баардык айыл аймактарынын сайт жана газета чыгарууга же айыл кеңештин токтомдорун расмий жарыя кылууга каражаты жоктугунан, жарыялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Мисалы: бир айылдык аймак токтомун кыргыз жана орус тилинде басып чыгарайын десе, райондук газета 70 миң сом өлчөмүндө каражат талап кылап, төлөбөсөңөр жарыя кылбайбыз, деп жооп берген.

Нарын облусунда айыл өкмөттөр райондо расмий электрондук сайт ачып, ошол сайтка ченемдик укуктук актыларды жарыя кылабыз деп ниеттенсе, ага Нарын облустук юстиция башкармалыгы мыйзам жол бербейт, деп жооп берген. Эми айыл өкмөт башчылары мындан ары кандай айла табабыз, кандай кадам жасайбыз, деп кыйналып турушат.

Нарын облюсттун жообу

Декабрдагы жыйында тутумдун мүчөлөрү КР Өкмөтүнүн жыйынга катышкан өкүлүнө ушул маселе менен кайрылышкан. Ал кайрылуу түрүндө КР Өкмөтүнүн аппаратынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысына жиберилген.

Заведующему сектором МСУ Бакирову.docx

Ал жактан алынган маалымат боюнча, азыркы учурда өкмөт юстиция министрлигине бул ишти жөнгө салууга тапшырма берилген.

P.S. Ушул токтомго өзгөртүү киргизүүгө канча убакыт керек жана ошол убакыттын ичинде ушул маселе боюнча канча жергиликтүү кызматкер жоопко тартылат болду экен?