Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Таза суу менен мыкты камсыз кылган ишкананын тажрыйбасы.

«Ат сыйлаган жөө калбайт, суу баалаган ач болбойт»

Жай мезгили келгенден тартып калк жашаган айылдарыбызда ичкен жана сугат сууларга болгон көйгөйлөр көбөйө баштайт. Күнү-түнү суу менен үзгүлтүксүз камсыз болгон айылдарыбыз, ал ишти аркалаган ишканалар жана буга өмүрүн арнаган адамдарыбыз тууралуу сөз айтуу керек. Биз бул жолу калкты таза суу менен камсыздаган ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин (ИСКАКБ) ишине токтолуп кеткибиз келди. Бишкек шаарынан 10 км алыстыкта жайгашкан Ново-Покровка айылында «Ново-Покровка суусу» ИСКАКБ иштейт. Бул ишкананын негизги милдети калкты таза суу менен камсыз кылуу.

Бул ИСКАКБ 2002-жылы түзүлгөн, эки Ново-Покровка жана Логвиненко айыл өкмөттүн калкын тейлейт, жалпы суу керектөөчүлөрдүн саны 18000 адам.

Азыркы учурда калктын 95 % үйлөрүнө суу киргизилген, бирок абоненттер (суу керектөөчүлөр) үйлөрүнө суу өлчөөчү аспапты (учетчик) орнотуша элек, мурдагыдай эле жан башына төлөшөт. Ичкен сууга тариф 1 адамга 35 сом болгонуна карабастан, сыймыктанып белгилей кетчү нерсе, төлөмдөрдүн чогулушу 98% түзөт. Жергиликтүү бийлик тарабынан ар дайым көзөмөл жүргүзүлүп, маселелер талкууланып турат, андан тышкары ар түрдүү жардамдар көрсөтүлөт. Тарифти эл менен талкуулап, анан айылдык кеңеште бекитүү саясаты калыптанган. Бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштеринин жүргүзүүнүн натыйжасында айыл калкынын төлөө маданиятынын өсүшүнө жетише алды. Өкүнүчтүүсү, канчалык акча каражаты чогулса да толугу менен кайра эле сарпталып кете берет, ошондуктан эч кандай резервдик же амортизациялык фонддор калыптанбайт экен.

Жалпысынан бул бирикмеде 30 адам иштейт, ошолор:

- бухгалтерияда журналдар боюнча ордер формасын колдонушат (жаңы компьютер сатып алып, мындан ары билинг системасын киргизүүнү пландаштырып жатат);

- суу колдонуучулардын санынын көптүгүнө байланыштуу төлөмдөрдү квартал сайын төлөгөнгө өтүшкөн, анткени абоненттердин 10 % гана ИСКАКБ өздөрү келип төлөп кетишет , калган 90 % контролер аркылуу төлөө квитанцияны үйлөрүнөн алышат;

- жалпысынан ИСКАКБ салыктар, социалдык фонд, электр энергияга жана башка төлөмдөр боюнча карызы жок, так иштеп келет;

- сууну бактерицидный лампа менен тазалап элине берет.

Жалпысынан ИСКАКБ: 2 трактор, экскаватор, Т-40 трактору сварка аппараты менен, ГАЗ- 53 авто унаасы жана трактордун прицебине ээлик кылат. Бул техникалар ИСКАКБга мурунку кооперативдик чарбадан өткөн. Сыймыктануучу нерсе, бүгүнкү күндө ИСКАКБ атайын техника каражаттарын жана жабдууларын сактап гана калбастан, аны өркүндөтүү аракетин көрүп жатышат. ИСКАКБ айылдык кеңештин макулдугу менен керексиз эски техникаларын сатып, анын ордуна жаңыртып керектүүлөрүн алып жатат. Мисалы 2013-жылы өз муктаждыгына зарыл болгон техникалык жабдуулары бар бусик сатып алынган.

Жыйынтыктап айтканда, ИСКАКБ өзүнө жүктөлгөн милдетин толугу менен аткарып эки айылдын жашоочуларын суу менен камсыз кылууда. Күн сайын сууга суроо-талаптын өсүп жатканына байланыштуу, өзгөчө жаз жана жай мезгилинде сууну колдонуу көбөйгөнүнөн ИСКАКБ дагы бир скважинаны бургулоо зарылдыгын белгилеп, инвестиция тартып, каражат издөө аракетин көрүп жатат.

P.S. Ушундай демилгелүү иштер өсө берсе, кайсы бир күнү Кыргызстандын эң алыскы айылдарындагы ар бир үйгө таза суу кирип, айылдыктар менен шаардыктардын жашоо деңгээли бири-бирине жакындап калат деген үмүттүн шамы пайда болот экен.