Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Демилгени ишке ашыруу үчүн, жеке адамдын ролу дагы маанилүү (Талас районунун Кууганды айылдык аймактын тажрыйбасы).

Мына ушундай жайдын чилдесинде сугат сууга гана эмес, ичкен сууга да муктаждык ченемсиз өсүп, жетишпестик күчөп, талаптар арбып чыгат. Өзгөчө айылдарыбызда бул маселелер өтө курч туруп жаткан кез. Элестетип көрсөңөр, айылдык туугандарыңардын мындай абалын, талаага барып айдоосун сугарайын десе суу тартыш, чарчап акактап үйүнө келсе ичкенге суу жок. Заманасы куурулуп, жашоого нараазылыгы боло баштайт. Суу-өмүр деп бекеринен айтылган эмес экенине аргасыздан ынанасың. Суусуз жашоо жоктугуна ишенесиң, ошондуктан, бул жолу ичкен суу менен элди камсыз кылган айылдык жана шаардык ишканалардын иштери тууралуу сөз кылсак дейбиз. Айыл калкын таза суу менен камсыздаган ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин (ИСКАКБ) ишине токтолуп кеткибиз келди.

Айтылуу Үч - Эмчек айылында «Үч - Эмчек суусу» ИСКАКБ иштейт. Анын жетекчиси Турдукожоев Жекшеналы 10 жылдан бери ушул маселени чечүүнүн үстүндө жүрүп, негизги милдетин - калкты таза суу менен камсыз кылуу – мыкты аткарып келет.

Бул ИСАКАКБ Талас районундагы Кууганды айылдык аймагынын 491 кожолуктан турган 2687 адамды тейлейт. Көп убакыттан бери бул айылда ичкен суу көкөйгө тийген азаптуу маселенин бири болуп келген. Илгери ыраматылык Союздун тирүү кезинде да үчэмчектиктер ичкен сууга жарыбай, жакшы эле кыйналышкан. Айылдын рельефи бир беткей болбогонунан, өйдө турган бир жагына сууну чыгара албай коюшкан, ал жакка эч качан суу чыкпайт деп үмүтүн да үзүшкөндөр болгон.

2013-жылы үчэмчектиктердин үмүттөрү жанданып, АРИСтин таза суу боюнча долбоору ишке ашып, эзели суу чыкпаган көчөлөргө суу чыкты. Айылдыктар так жана даана ишке ашкан долбоордун үзүрүн өздөрү көздөрү менен көрүп, жүрөгү менен сезип кубанып турган кези. Айылдын башындагы булактан суу каптаж жолу менен келип, булактан баштап көчөдөгү колонкаларга чейин бардык талаптарга жооп бергендей кылып, аны заманбап жабдуулар менен камсыздашкан. Жер астынан чыккан мөлтүр кашка булактын көзүн тазалап, үстүн сетка менен жаап, тегерегин тосуп, тыкандык менен кылган аракеттери көргөн кишини кайдыгер калтырбайт. Башкысы, булак башынан келген суу айылга жеткиче бардык жагынан кайтарылып тосулуп , жыл бою ысык-суукка карабай хлорлонуп тазаланып, үзгүлтүксүз элге жетип турат.

Эмки максат мындан ары ушундай абалды кантип сактап калышта турат. Жалпы элдин мүлкү болгон суу түтүктөрүн, анын имарат-тетиктерин бузбай сактап, узак убакытка жеткидей иштете алабызбы? Сууга болгон мамилебиз жакшы жагына өзгөрөбү? Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келечекке кандай реалдуу пландарды болжолдоодо? Азыркы ИСКАКБнын өнүгүү программасы суу колдонуучулардын колдоосуна, түшүнүүсүнө жооп береби, тарифти иштеп чыгуу саясаты качан иликтенип калыптанат? Мындан да оор, татаал маселелер алдыда турат. Кууганды айыл аймактын жетекчиси Сүйүнтбеков Сабатар Төрөкулович бул маселелерди терең түшүнүп, дайым колдо көрсөтүп турганын далилдеди. Айылдын мектебине суу киргизип, санитария жана гигиена маселелерине өтө чоң маани берет экен.

Үч-Эмчектиктер бул демилгелерди туура түшүнүп, биргелешкен татыктуу иш-аракеттерди жасашат деп ишенебиз.