Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Ак-Муздагы алгылыктуу кадамдар

Ат- Башынын Ак-Муз айылы тоолуу өлкөбүздүн алыскы айылдарынын бири. Ак мөңгүлүү тоолордун алдындагы көк-жашыл карагайлуу төрлөр, түркүн гүл жыттанган талаалар Ак-Муздун ажайып көркүн алыстан эле ачып, биринчи ирет көргөн жанды гана эмес, көп жолу келип кеткендерди да өзүнө тартып турат.

Нарындан түштүк тарапка жолго чыгып, чакан тоолордон ашкан соң заматта эле жаратылыштын кереметине көзүң тойбой суктанып отуруп Ак-Муз айылдык аймака кандай жетип келгениңди байкабай каласың, анан айылды сыртынан карап «оо, ушул айылдагылар эч нерседен бейкапар бакубат жашап, телегейлери тегиз болсо керек» деп ойлоп кетесиң. Көзгө толумдуу көрүнгөн чөп, картофель, арпа айдалган талаалар айылдын сыртынан, тыкан жана таптаза көчөлөрдөгү үйлөр айылдын ичинен ушундай ишеним артырат. Айылга киргенде элдин жашоо-турмушу кандай болду экен деп көчөдөн байкоо салып, көзгө дароо көрүнгөн өзгөчөлүктөрүн издейсиң. Жергебиздеги көптөгөн айылдардан эмнеси менен айырмаланат, эмне өзгөчөлүгү бар болду экен деп кызыгасың?

Айыл жергесинде таза суу менен камсыздоо маселеси абдан маанилүү болгондуктан Ак-Музда бул маселе кандай чечилип жатканы кызыгуу жаратып, ушул маселеге көңүл бургубуз келди. Айылда калкты ичүүчү суу менен камсыздоочу «Бороондуу мүрөк» ИСКАКБ түзүлгөн, ал ишкана 774 түтүндөн турган 3787 адамды тейлейт.

Алгач 2006-жылы Дүйнөлүк банктын таза суу долбоору менен тээ союздан калган эски суу системасын оңдошуп, булактын суусу суу түтүктөрү аркылуу айылга келген. Бул каптаж жолу менен келген булактын суусу айыл элинин муктаждыгын толук камсыз кыла албай калгандыктан, жергиликтүү бийлик дагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издешип аракеттерин башташкан.

2012-жылы АРИСтин колдоосу менен суу системасын кайра реабилитациялоо долбооруна Ак-Муз айылы кирген. Ушул долбоордун алкагында жер астынан бургулоо аркылуу жаңы скважина казылып, андан суу жыйнап топтоолуучу резервуарга чейинки аралыгы 3 км суу түтүгү куруу каралган.

Быйыл жазда башталган бул иштер жакын арада бүтүрүлүп ишке берилет. Долбоор бүткөндө Ак-Муздуктардын ичүүчү сууга болгон муктаждыгын мурунку булак жана жаңы курулган жер астынан сормолор аркылуу чыгуучу суулар камсыз кылып калат. Ак-Музга быйыл жайында баргандар айылдын сол тарабындагы жасалып жаткан суу чыгаруу боюнча жумуштарды, андагы жума сайын болгон өзгөрүүлөрдү байкабай кое албайт.

Айылдын жашоочулары жүрүп жаткан иштерге сырттан гана көз салып карабастан, өздөрү да жигердүү катышып салымдарын кошуп жаткан кези. Айрыкча сайдын аркы тарабында жашаган жаңы конуштун жашоочулары чыдамсыздык менен күтүшүүдө, себеби алардын үйлөрүнө суу кирип, мурункудай сайдан ташып ичпей калышат. Ошондуктан айылдык жарандар атайын техника менен бул долбоорду ишке ашырып жаткан адистерге колдорунан келген жардамдарын көрсөтүп жатышат. Эмне үчүн таза сууга болгон мамиле Ак-Музда ушундай, бул суроого жооп табуу бир чети өтө оңой, анткени ар бир айыл тургундан баштап, таза суу менен камсыз кылуу милдетин алган «Бороондуу мүрөк» ИСКАКБ, айыл өкмөтү жана айыл кеңештин биргелешкен иш- аракеттери, ой жүгүртүүлөрү кызыккан адамды кайдыгер калтырбайт.

«Бороондуу мүрөк» ИСКАКБнын жетекчиси менен таанышып сүйлөшкөндөн кийин, жаш курагына карабай маселени терең түшүнгөнүнө, изденүү менен аракет жасаганына, кандай гана тоскоолдуктар, түшүнбөстүктөр болбосун бардыгына элдин түшүнүгү, колдоосу аркылуу жетерине ишенген чыдамдуулугуна ичиң жылыйт. Буга чейин суунун айынан канчалаган жемелерди, нараазылыктарды укканы аны чыйралтып, кайра такшалтып койгонбу деген ой келет. Албетте, анын жалгыз аракети айыл өкмөт менен айыл кеңеш тарабынан түшүнүү, колдоо таппаса алга жылуусу кыйын болмок. Бардык абалды дыкаттык менен таразалап, жолдорун чогуу издеп, карапайым калктын жүгүн бирге көтөрүү милдетин алган жергиликтүү бийликтин азаматтарына ыраазы болосуң. Кийинки мезгилде каражат эле эмес, адамдык пейил дефицит болуп турганда бул өзгөчө маанилүү.

Быйыл айыл өкмөт башчысы Капатов Азатбек Касымбаевичтин демилгеси менен суу жыйналуучу резервуарды өз күчтөрү менен тазалап, колдорунан келген ыкма аркылуу хлорлоп тазалоо жүргүзүшкөн.

Бул демилге пландаштырып жатканда, ошол скважинадан резервуарга өтө турган суу жолу (трасса) сайдын чети менен жаңы конуштардан алыс өтүшү болжолдонгон эле, бирок айыл өкмөттүн башчысынын сунушу боюнча жаңы конуштардын жанынан өтүп, ал тарапка дагы суу тетиктерин салып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүптүр. Долбоор аяктаганча подрядчиктин техникасы менен колдонуп, айыл ичиндеги жаңы суу тетиктерин тартып алууну көздөп жатышат.

Суу маселеси боюнча өткөргөн жыйынга айылдык кеңештин 11 депутатынын 5 депутаты келип катышып, бул маселе боюнча көз караштары, позициялары жана жоопкерчиликтери айыл өкмөт менен бирдей багытта болгондугу кубандырды. Мына ушундай «бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган» бийлик бутактарынын өкүлдөрү ИСКАКБге дайым колдоо көрсөтүп, түйшүгүн түшүнүп, маселесин чечип, андан соң такай талапты коюп турса, бул айылдын тургундары дайым таза суу менен камсыз болору анык.

Биз, албетте туулганына эмес, турарына сүйүнөлү демекчибиз, калганы аздектеп күтүп, туура пайдалануу акмуздуктардын өздөрүнөн, себеби суу - өмүр.

Рита Карасартова, Самыйбек Эсенбеков- эксперттер.