Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Тажрыйбасын талыкпай таркатып турган айылдык аймака - бир көз ирмем.

Бүгүнкү күндө Ысык Көл областынын Жети Өгүз районундагы Жети Өгүз айылдык аймагы таза суу менен камсыздандыруу боюнча жакшы тажрыйбасын кеңири башка айылдык аймактарга таркатып жүрүшөт. Жети-Өгүз айылдык аймак 7 айылдан турат: Жети-Өгүз, Ак-Кочкор, Жети-Өгүз курорту, Чырак, Желе-Дөбө, Кабак айылдары. Жалпы айылдык аймакта 11160 адам жашайт (2485 кожолук). Бул бир чоң айылдык аймак болгону менен таза суу менен камсыз кылуу маселесин ар бир айыл, ар кайсы мезгилде өз алдынча чечишкен. Дүйнөлүк банктын «Таза суу» долборлору кичинекей, чакан айылдарга багытталгандыктан Жети Өгүз айыл аймагынын эң чоң Жети-Өгүз айылында таза суу менен камсыздоо маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечилбей келет, бирок аны кегеректеп турган кичинекей айылдары ар кайсы убакытта ошол долборлорду натыйжалу ишке ашырып келген.

Эң биринчилерден болуп Чырак деген айылында бул долбор пландаштырылгандай ишке ашкандыктан, бул айылдын даңкы бүт Кыргызстанга таркаган.

Чырак айылындагы «Чырак таза суу» ИСКАКБнин иши жөнүндө айта турган болсок, ал чакан 1650 адамды (340 кожолук) тейлейт. Эмнеси менен артыкча иштеген ИСКАКБ деген наамга ээ болгон? Биринчиден Чырак айылында 100 пайыз үйлөргө суу кирген, айылдын көчөсүнөн бир дагы суу ичүүчү колонка көрбөйсүнөр; экинчиден сууну үйлөргө киргизип жатканда суу кудуктарын туура орнотуп ар бир үйгө кеткен түтүкө суунун көлөмүн өлчөөчү аспабы орнотулуп кеткен. Тарифтер кылдаттык менен коюлганынан, бүгүнкү күндө төлөмдөр 100 пайыз чогултулат, суу тартыштыгы болбосо дагы үнөмдүү пайдаланунун кесепетинен ИСКАКБ башка айылдарга дагы суу жеткирүү мүмкүнчүлүгү пайда болуп, бүгүнкү күндө коңшу Ак Дөбө деген айылга жаңы 5 км узундуктагы суу түтүгүн өз эсебинен 320000 сомго каржылап салдырып баштады. Ушундай мүмкүнчүлүгү бар ИСКАКБде кимдер иштейт деген суроо туулат.

«Чырак таза суу» ИСКАКБнин башчысы Азарбаев Имаш Калиевич 10 жылдан бери ушул кызматта иштеп келет. Өзүнөн тышкары дагы 3 адиси бар: бухгалтер, контролер жана механик. ИСКАКБнин айыл өкмөт менен кызматташуусу жөнүндө айта кетсек, ИСКАКБ айылдагы мектепке суусун өз эсебинен тартып берип сууну бекер беришсе, айыл өкмөт ИСКАКБге бир кароолчу штатын өз эсебинен карап берген.

Бүгүнкү күндө «Чырак таза суу» ИСКАКБнин жетекчиси өз тажрыйбасын таркатууда. Ал киши райондун ИСКАКБлердин «Жети Өгүз мүрөгү» Ассоциациясын жетектеп, ошол Жети Өгүз районунун ИСКАКБлеринин жетекчилери башка айылдарга барып өз тажрыйбасы менен бөлүшкөнгө даяр болуп калган кез. Таза суу киргизүү боюнча маселериңер болсо «Чырак таза суу» ИСКАКБнин жетекчиси Арзыбаев Имаш Калиевичтен бул телефон менен сурооңорго жооп алсаңар болот: 0773 711521.

Андан кийин ушул айылдык аймактын Кабак айылы дагы суу маселесин Дүйнөлук Банктын биринчи долбору менен ишке ашырышкан. «Кабак таза суу» ИСКАКБси айылдагы 1250 адамды (250 кожолук) тейлет. Бул айылда дагы эл 100 пайыз суу менен камсыз болгон, ар бир кожолука суу үйгө чейин тартылып келген жана суу өлчөөчү аспаптар орнотулган. «Кабак таза суу» ИСКАКБнин жетекчиси Ырыскелдиев Табылды агайга сурооңорду берсеңер болот: 0779 862662.
Желе Дөбө айылында «Желе Дөбө таза суу» ИСКАКБси өз ишин алып барат. Бул айыл суу көйгөюн АРИСтин реабилитация долборунун алкагында чечип келди. Долбордун алкагында айылга суу соргонго скважина казылып, насосу орнотулду. Андан тышкары суу сактаганга эки 50 м3 резервуар салынып тегерегинин баары курчалып берилди. Ушул объектилерди бириктирип сууну калка жеткирүүгө 8071 метр трасса салынды. Айылдагы 1140 адам 100 пайыз таза суу менен камсыз болду. Желе Дөбөдө дагы көчөдөгү колонка колдону дегенди билген жок. Өз кесиптештеринин көмөгү менен суу түтүктөрүн алгач үйлөрүнө чейин киргизип алышты. Түтүктөрдү үйгө тартып баратканда колдонгон суунун көлөмүн өлчөй турган аспабты орнотуп кетишти. Ошентип, бүгүнкү күндө Желедөбөлүктөр толугу таза суу менен камсыз болду десек болот. «Желе Дөбө таза суу» ИСКАКБсинин жетекчиси Дыйканов Каныбек Юсуповичке суролоруңарды бул номерге узатсаңар болот: 0553 851478. Ак-Кочкор айылы дагы АРИСтин реабилитация долборуна кирген. Бул 1782 адам (280 кожолук) жашаган айылда долбор аяктагандан кийин калкы толугу суу менен камсыз болду. Долбордун алкагында суу соргуч скважина казылып, насос орнотулду. Айылга үзүлтүксүз суу менен камсыз кылууга суу сактачуу резервуарды орнотуп анын тегерегин курчап беришти. Азыркы күндө бул айылдын калкы 100 пайыз сууну үйүнө тартып алып жана ар бир колдонучуу суу өлчөөчү аспаб койдуруунун аркасы менен суу алышат. «Ак-Кочкор таза суу» ИСКАКБсинин жетекчиси Аманканов Тилек: 0778 808485.

Эми дагы суу менен камсыз боло элек айылдарына өз тажрыйбасын колдонуп, бир бирине колдо көрсөтүп, Кыргызстанда ичичүү суу менен эң мыкты камсыз болгон айылдык аймак деген наамга ээ болоруна толук ишеним бар. Анткени ушул күздө «Чырак таза суу» ИСКАКБнин башчысы Азарбаев Имаш Калиевич, Жети Өгүз айылдык аймактын айылдык кеңешинин депутаты, АРИСтин таза суу жана санитария долборунун алкагында, тажрыйбаны мыкты таркатканы үчүн трактор менен сыйланды. Дайым, ар бир аймакта ушундай жигердүү жетишкендиктер болуп турсун!!!