Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Быйыл Ош шаары өзгөчө көрккө бөлөнөт

Ош шаары дуйнөдөгү эң байыркы шаарлардын бири экени айтпасакда белгилүү. Анын үстүнө Сулайман-Тоосу, Ак-Буура дарыясы менен дагы өзгөчө кооздугу артып турат. Сонку жылдары шаарды дагы да көрктөндүрүп, анын кооздугун арттыруу үчүн шаар жетекчилиги тарабынан бир топ көнүл буруулар көбөйгөнү баарыбызды кубандырат. Быйылкы жылга карата Ош ордосун жашылдандыруу демейдегиден эрте башталды. 15-январдан тарта шаардын бир топ көчөлөрүнө 1200 сандагы ийне жалбырактуу дарактар же арчалар эгилип бүттү. Бүгүнкү күнү ал иштер шаардын Жөлөн Мамытов атындагы журналисттер аллеясынын тарабында жүргүзүлүүдө.

Быйылкы жылы Ош шаарынын көрктөндүрүү өзгөчө тартипте жүргүзүлөт. Шаар жетекчилигин маалыматында ал үчүн ордонун көчөлөрүнө дем алуучу жай, сквер, парктарына 69 миң декаративдүү ийне жалбырактуу дарак отургузулат. Мындай көрсөткүч ордонун төрт жаранына бирден дарак туура келээрин көрсөтөт. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу эки эсеге көп. Тагыраак айтканда, былтыркы жылы калаага 36 миң дарак отургузулган. Ошондой эле шаардын аймагына 300 миңден ашуун ар түрдүү гүлдөр эгилээри маалымдалууда. Жумуштун көбөйгөнүнө байланыштуу Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдардыруу башкармалыгы кошумча 127 кызматкер менен толукталды.

Жалпысынан айтылып жаткан дарактар аймактын абалына, карата бөлүнөт. Аны бөлүү үчүн баардык аймак жетекчилери чакырылып, шаардын картасына ылайык, бир көчөгө жүздөн баштап беш жүзгө чейин эгилет. Алсак, Жөлөн Мамытов атындагы журналисттер аллеясына 420 ийне жалбырактуу дарак отургузулаары айтылса, анын эки жүзү эгилип бүтүү. Өзгөчө басым ийне жалбырактуу өсүмдүктөргө же арча болуп жатканынын да себеби бар. Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу башкармалыгынын жетекчиси Айгул Наватованын пикиринде, дарактардын көп болуусу акыркы учурдагы абанын көп булганып жатуусуна оң таасирин берет. Андыктан экологияны тазалоого ийне жалбырактуу дарактардын орду чоң.

Жогоруда айтылган максаттарды аткаруу үчүн быйылкы жылы жашылдандыруу учун шаар бюджетинин акча каражаты дагы көп бөлүнөт. Тагыраак айтканда былтыркы жылга салыштырмалуу 30 миллион сомго көбөйөт же бул тармакка 81449, 5 миң сом өлчөмүндөгү каражат каралат. Анын негизинде жашылдандыруу кызматы өзүнүн эки питовнигин үчөө кылып, жаңы 20 гектарлуу питовник ачат. Ага күнөсканалар курулуп, дүйнөнүн ар аймагынан шаардын климатына туура келе турган өсүмдүктөр алынып келээри пландалууда. Ага ылайык, ушул жылы 50 долбоорду ишке киргизебиз, деп башкарма жетекчиси максат кылат. Андыктан, коюлган пландар иш жүзүнө ашса, Ош шаарынын көркү дагы да артып, Азиядагы кооз шаарлардын катарына кошулаарына ишенич артат.

Гүлмайрам Рахманбердиева - Ош шаары