Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Аялдар коомдогу зор күч экендигин Көк-Ой айыл аймагынын айымдары билдиришти.

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Көк Ой айыл өкмөтүнө караштуу маданият үйүндө айылдын жетекчиси эли менен экинчи жолугушуусун өткөрдү. Качантан бери эл кирбеген маданият үйүндө бул жолу жандануу байкалып, ырчылар ырдаган концертке эмес жолугушууга айыл аймакта жашаган 80 ден ашуун аялзатынын өкүлдөрү келишти. Айыл өкмөткө келген жаңы жетекчи «адамзаттын эң мыкты бөлүгү» болгон апалар, эжелер жана карындаштар менен таанышып, аларга өз көз карашын айтып, аялдардын айылдагы көйгөйлөргө мамилесин билүүгө кызыкканын билдирди. Бул жолугушуунун дагы бир максаты - бул бир жума мурун Бишкек шаарында болуп өткөн Улуттук аялдар форумунда көтөрүлгөн маселелерди айыл калкына жеткирүү жана талкуулоо эле. Бишкекте аялдар кыймылынын 90 жылдыгына карата өткөн форумдагы каралган маселелер боюнча форумдун катышуучусу, белгилүү укук коргоочу Рита Карасартова кеңири баяндап берди. Азыркы учурдагы өлкөбүздө болуп жаткан саясий-экономикалык өзгөрүүлөргө аялдардын кошкон салымы, алардын коомдогу зор орду жана милдеттери, өзгөчө аялдардын зомбулукка дуушар болуп жатканын, жашы жете элек кыздарды күйөөгө берүү, кыздарды ала качуу маселелери кызуу талкуу жаратып, аларды кандай чечүүнүн жолдору айтылды. Өлкөбүздөгү социалдык –экономикалык абалындагы өзгөрүүлөрдү талкуулагандан кийин, Көк- Ой айылынын аялдары менен айылдагы түзүлгөн оор абал, андан кандай чыгуунун жолдору, бул иште аялдардын кошкон салымы, айылдагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө эмне кылса болору жөнүндө сөз болду. Коомдогу зор күч болгон аялдардын айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, өзгөчө айылдагы саясий көйгөйдү чечүү боюнча өз көз карашынын, позициясынын ролу өтө чоң болоруна токтолушту. Аялдар талкуулоо учурунда айылдагы ынтымакты бекемдөөдө ар биринин жарандык туура позициясы менен, жоопкерчиликти моюндарына алышса көйгөйдү чечүүгө болоруна ынанышты. Баса белгилеп кете турган нерсе, бул жыйынга 80ден ашуун Көк -Ойдун аялзаттары : улгайган апалар, келиндер жана жаш кыздардын катышканы болду, мындай сандагы аялдар катышкан жыйын мурда болбогонун келген катышуучулар билдиришти. Көкойлук энелер «келгиле маданият жаатынан ишибизди баштайлы, «Бурановский бабушкалардан» эмнебиз кем, биз дагы Көк Ой апалары деп топ түзөлү дагы Нооруз майрамына биринчи концертибизди элибизге тартуулайлы»-деген демилгени көтөрүштү. Айылдын өз жардам берүүчү топтогу айымдары, айыл башчысына имарат маселесин чечип берсеңер, долбоор жазып гранттык каражат тартып келип бала бакча уюштурууга мүмкүнчүлүк бар,- деп билдиришти. Бул айылдын дагы бир көйгөйүн чечүү жолун сунуштаган элдин демилгеси, мындайлар дайым колдоо табат деди айыл өкмөт башчысы. Жолугушуудагы дагы бир талкууланган маселе бул май айында өтө турган Көк - Ой айылдык кеңешине жергиликтүү кеңештин депутаттарын кезектеги шайлоосу болду. Бул мезгилге чейин сиздер шайлаган депутаттар кандай деңгээлде өз милдеттерин аткарды, аны турмуш көрсөтүп турат. Алардын жоопкерчиликсиз мамилеси айылды бүгүнкү ахыбалга алып келди. Ошол депутаттардын арасында аялзаттын өкүлдөрү аз санда болгондуктан таасири болгон жок. Сырттан караганда аялдар кайдыгер карашкандай көрүнөт. Мына ушул факторлор аялдарды бул ишке активдүү тартуу керектигин көргөзүп койду. Эмнеге айылдын айымдары бул процеске катышкандан тартынышат?-деген суроого аялдар өздөрү кайдыгер карап келгенин мойнуна алышты. Бишкектен келген серепчилер (эксперттер) шайлоого чейин атайын келип, «мен депутат болом» деген жарандарга депутаттын ыйгарым укуктары, милдеттери жөнүндө окууларды өткөрүп берүүнү, ошол семинарларга келип катышууну, айылдагы маселелерди чечүүгө катышууну өтүнүштү. Депутаттык корпуста тең салмактуулук болсо жергиликтүү бийликтин иши да оңолуп,туура чечимдер чыгып, маселелер дагы бат чечилмекчи деп айтышты. Жолугушуу учурунда: айылдан ишеним арткан, калк үчүн аракет кылган аялдар барбы, деген суроого ошол эле жерден тың айымдардын ысымдары дароо эле атала баштады. Аялдардан чыккан татыктуу эл өкүлдөрү шайлоонун аркасы менен бийлике келишсе, айылдагы көйгөйлөрүн сапаттураак чечип, эл арасында бийлике болгон ишенимди жогору болмок дегенге баардыгы макул болушту. Жергиликтүү бийлик элдин бардык катмары менен, анын ичинен энелер, эжекелер менен тыгыз иштесе, ал коомдогу алдыңкы жаратуучу күч болору дагы далилденди десек жаңылыштык болбойт. Аялдар жаратуучу, түзөтүүчү, оңдоочу жана токтотуучу күч экенине адамзаттын тарыхы күбө . Ушундай жолугушууларды жергиликтүү бийлик тез-тез өткөрүп турса, маселелер топтолбой, аягы чыр - чатакка алып келбей, өз учурунда чечилип турмак беле? P.S. Бир жума мурун айткан сөздөрүнө туруп, бүгүн 21-март Нооруз майрамында айымдар өз чеберчиликтерин айылдаштарына концерт тартулоо аркылуу көрсөтүштү. Жылдын, жердин жаңылануусу ушундайдан башталса, Көк – Ой айылында ынтымак сөзсүз орнойт.