Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Жергиликтүү бюджетти толуктодогу мыйзамдуу ыкманы Жумгалда кеңери колдонууда
    Жакында Көк-Ой айыл аймагында айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун (АЖМФ) жерлерине тоорук (аукцион) өткөрүлду. Буга чейин айыл өкмөттун жер комиссиясы бошогон жер аянтарына өз учурунда массалык маалымат каражаттарына жарыя берип, тоорукка коюлуучу чөп чабык жерлерин зарылдыкка жараша лотторго болуп, баштапкы бааларын аныктап, тоорукту өткөрүүчү аукционистти дайындап, баардык иштерди мыйзамдын алкагында жасашты.
    Жалпысынан алганда тоорукка 9 га чөп чабык аянты коюлуп 15 лот белгиленди: тактап айтканда «Мангы Булун» участкасынан 3 лот 1 гектардан, «Кыргызбай Булун» участкасынан 6 лот 0,5 гектардан , «Кожобек Булун» 6 лот 0,5 гектардан бөлүнду.
    Белгиленген мөөнөткө чейин айылдыктардан тоорукка катышууга 25 арыз келип тушкөн.
    Көк-Ой айылынын маданият үйүндө жалпы элдин катышуусунда ачык өткөрулгөн тоорук 5 сааттан ашык убакытка созулду. Тоорукту «Коомдук иликтөө институтунун» эксперти Самыйбек Эсенбеков өткөрдү. Жыйынтыгында 15 лотко коюлган 9 га чөп чабык аянты, 50 миң сом ижарага өтту. Анын ичинен «Манги Булундагы» 1- лоттогу 1 га - 9000 сомго чейин, «Кожобек Булундагы» 10 лот – 4100 сомго чейин жетти.
    Өткөрулгөн тоорук көптөн бери көйгөйлуу болуп келип Көк-Ойлуктарга эмнени корсотту: биринчиден , буга чейин бир да тоорук өткөрулбөгөн бул айылга жанылык болсо, экинчиден жергиликтуу бюджетке кирешени таап кобойтуунун жолун , учунчудон эн негизги мыйзамды сактап так иш алып баруу болорун тастыктады.
    Тоорукка катышкандардын пикирлери: Бердигулов Садык - 1- лоттун женуучусу: Мен мындай тоорукка өмурумдө биринчи жолу катыштым . Жер комиссиясы өз ишин так жана туура жургузгөндуктөн баардык лоттор ачык-айкын отту. Мен «Манги Булундан» 1 гектар жерди 9000 мин сомго утуп алдым. Мага тооруктун өтушу жакты, ушунтип мыйзамдуу өткөрсө болот турбайбы.
    Сылыков Насирдин- айыл өкмөттун жер комиссиясынын мучосу, айыл аксакалы: буга чейин бизде тоорук-аукцион өткөрулө элек болчу, мындан ары АЖМФнын жерлеринин баарына тоорук-өткөрсок, айыл өкмөттун бюджетин көтөрсө болоруна көзубуз жетти. Калыс, таза жана ачык-айкын иштесе болот экен, деп таянак чыгарышты