Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Биздин максат – ачык айкындуулук аркылуу күчтүү аймакты куруу.

    2015-жылдын февраль айынан баштап «Сорос-Кыргызстан» фондусунун каржылоосу менен «Укуктук Мейкиндик» коомдук фонду тарабынан Өзгөн районундагы «Кызыл-Октябрь айыл аймагында айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна караштуу (АЖМФ) жерлерин ачык айкындуу жана эффективдүү башкаруу үчүн аймактын жерлерин инвентаризациялоону жүргүзүү» долбоору иштей баштады. Долбоордун негизги максаты - Кызыл-Октябрь айыл аймагында айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна караштуу жерлерин ачык айкындуу жана эффективдүү башкаруу үчүн аймактын жерлерин инвентаризациялоо жүргүзүү менен бирдиктүү реестрин түзүп, жарандардын АЖМФ жерлери боюнча маалымат алуусуна жол ачып, маалымат алууну автоматташтыруу (электрондук справкага өтүү), жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көбөйтүү, ачык айкындуулукту камсыз кылуу.
    Айыл аймагыбыздын калкы негизинен дыйканчылык менен алектенет. Азыркы учурда айылдыктарга үлүш катары 800 га сугат, 1173 га кайрак, 407 га чөп чабык жерлери берилген, айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна караштуу 416 га сугат, 682 га кайрак, 52 га чөп чабык, 131 га көп жылдык бак дарак жерлерин иштетип жатышат. Жер аянттарын өз учурунда туура жана так агротехникалык эрежелерди сактоо менен иштетүү оң натыйжасын берип жатканын баамдаган дыйкандарыбыздын АЖМФ жерлерине болгон кызуусун жыл өткөн сайын өсүүдө.
    АЖМФ жерлерин туура жана натыйжалуу пайдалануу, ал жерлерге мезгил талабына ылайык иликтөөлөрдү жүргүзүү, мыйзамда каралгандай тооруктарды (аукцион) жана конкурстарды ачык айкын өткөрүү аркылуу жергиликтүү бюджеттин көлөмүн көбөйтүү менен аймактын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртууга болору- бул мезгилдин талабы.
    «Укуктук Мейкиндик» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоор айыл өкмөттүн кызматкерлери, айылдын активи жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан түшүнүү менен кабыл алынып, фонддун адистери жана эксперттери аларга бир нече жолу учурдагы мыйзамдар, башка жерлердеги мыкты тажрыйбалар, жетишилген ийгиликтер жана күнүмдүк турмушта кездешип жаткан көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору тууралуу семинар-окууларды өткөрүштү. Өзүңүздөр жакшы билгендей, бул мезгилге чейин АЖМФ жерлерин пайдалануу боюнча айыл арасында ар кандай сөздөр, түшүнбөстүктөр болуп, жергиликтүү бийликке калк тарабынан көптөгөн дооматтар коюлуп, айтор бир топ чырдын чордонуна айланган маселе эле. Өткөрүлгөн окуулардын негизинде айылдагы дыйкандар эле эмес, бул иш күнүмдүк милдетине кирген айыл өкмөттүн адистери, өзгөчө эл өкүлдөрү болгон айыл кеңештин депутаттары, жалпы коомчулук АЖМФ жерлерин иштетүүдөгү өз милдеттерин кайрадан тактап билип үйрөнүштү.
    Натыйжада айыл өкмөттүн бул багыттагы жүргүзгөн иш-аракеттерине коомчулуктун түшүнүүсү пайда болгону байкала баштады. “ Бизде бул иштер аткарылган экен, мунусу жок турбайбы”-дешкен кеңештин депутаттары, айылдагы коомдук уюмдар жана жер иштеткен дыйкандар ийгиликке жана ынтымакка ачык айкындуулук, тактык принциптерине таянышып жетерине ынанышты. Алар мындан ары аймактагы АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануунун 5 жылдык келечек планын түзүү керектигин, ал боюнча өз ой-пикирлерин жана жардамдарын сунуштай башташты. АЖМФ жерлеринин беш жылдык келечек планы айыл аймагын ар тараптан өнүгүүгө багыттап, жарандардын айыл чарба багытындагы жерлерге болгон муктаждыгын аныктап, жарандардын өз убагында так, жеткиликтүү маалымат алуу процессин да тездетүүгө жол ачат. Долбоордун жүрүшүндө, биз айыл чарба багытындагы жерлер боюнча тактоо киргизип, атайын маалымат базасына түшүрүп, жыйынтыгы менен ар бир жаранды тиешелүү аныктама менен камсыздоодо оперативдүүлүккө, тактыкка жана сапаттуу тейлөөгө жетишебиз.
    Турмуш дайыма кыймылда болорун, андан артта калбоо үчүн ар дайым жаңы билим жана тажрыйбаларды окуп үйрөнүп туруу зарылдыгын ушул долбоор дагы бир жолу көрсөттү.
    Эрнис Толтоев - Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн башчысы.