Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Бюджеттин ачык айкындуулугу жаңы денгээлге чыгабы?

2016-жылдын 11-апрелинде № 202 «Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышы боюнча чаралар жөнүндө» КР Окмотунун токтому чыккан. Ошол Токтомго ылайык КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөттөр менен шаарлар) жергиликтүү салыктарды жана патентти өздөрү пландаштырып, чогултуп, жана салык көзөмөлүн өткөрүшөт.

2016 жылдын декабр айында Бишкек шаарында ушул маселеге арналган тегерек стол өттү. Ага катышкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, алардын бюджетине түшкөн кирешелерди кимден түшкөнүн тескеп, көзөмөлдөп алууга шарт түзүлө электигин баса белгилешкен.

"Ошондон улам, биз Кыргыз Республикасынын казыначылыгына кат жибергенбиз, ушул мүмкүнчүлүктү түзүп бергиле," - деп КР Казына башчысы Алмаз Бакетаев расмий түрдө жооп берди. . Андай мумкунчулук жакын арада түзүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар өз кирешелерин Финансы министрлигинин раcмий "www.okmot.kg" порталынан, онлайн режиминде карап билип алышса болот. Бул порталды бир айдын ичинде айыл өкмөттөргө/шаарларга ынгайлуу кылып беребиз, деп казыначылыктан соз беришти. Ага чейин, райондун финансалык бөлүмүнөн маалыматты алып, өз кирешелеринерди тастыктап, анализдеп турунуздарды өтүнөт.

P.S. 10 жылдан бери келаткан койгой маселе чечилип, жергиликтүү бийликке жаны мүмкүнчүлүктөр ачылабы?