Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Жергиликтүү укуктук ченемдик актыларды жарыялоо ыкмалары өзгөрүлдү

Жергиликтүү укуктук ченемдик актыларды жарыялоо ыкмалары өзгөрүлдү.

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери!

Саламатсыңарбы, урматтуу кесиптештер ! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010- жылдын 26- февралындагы № 117 Өкмөттүн токтомуна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук ченемдик актыларын расмий жарыялоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сайтына же гезитине басып чыгуу абзел болчу. Акыркы мезгилде прокуратура тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп, көп сандагы жазылган эскертүүлөрдү алып, моралдык да , материалдык да кыйынчылыктарга туш болгонсуңар. Силерден түшкөн бул маселе боюнча кайрылуулардын негизинде 2013- жылдын декабрь айында улуттук семинарда Өкмөткө кат жөнөтүлгөн. Жакында аталган токтомго өзгөртүү киргизилди, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары өздөрүнүн укуктук ченемдик актыларын ошол аймактагы белгиленген тартипте каттоодон өткөн кеңири тараган басылмаларга (газеталарга ж.б. ММК); ЖӨБ органдарынын , жергиликтүү мамлекеттик администрациянын , же КР Өкмөтүнүн ыйгарымдуу укуктуу өкүлүнүн , же жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын официалдуу сайттарына расмий жарыялоого болору көрсөт үлгөн.

Бул өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-апрелиндеги №216- токтомуна ылайык киргизилди.

Баарыңарды куттуктап, мекен үчүн кылган ишиңерде ийгилик коштосун деп, ден- соолук жана кажыбас кайрат каалайбыз.

Токтом.docx