Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Жети-Өгүздүн Липенка айылынын башчысы Б.Сулайманов коомдук иштерге активдүү катышкан жаштар кыймылына автоунаа белек кылды

Turmush - Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Липенка айыл аймагынын башчысы Болот Сулайманов «Жергиликтүү бийлик — демилгелүү жаштар» темасында өткөн жыйында коомдук иштерге активдүү катышкан айылдык жаштар кыймылынын мүчөлөрүнө «Жигули» автоунаасын белек кылды.

Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеева билдиргендигин аймактык кабарчы маалымдайт.

Жети-Өгүз райондук жаштар бирикмесинин төрагасы Урмат Макеевдин айтымында жаштар учурда коомдун кыймылдаткыч күчүнө айланууда.

Кызыл-Суу айылындагы кароосуз калган борбордук сейил бакты өз карамактарына өткөрүп алышып, анын айлана-тегерегин тазалап, эки жылдан бери бак-дарактарды олтургузуп келишет. Балдар үчүн аттракциондор уюштурулуп, ал эми кышкысын болсо муз тебүү аянтча курулуп иштеди. Мындан тышкары сейил бактагы ооган согушунун эстелигин оӊдоп –түзөп, анын тегерегине гүлдөрдү олтургузушкан.

Ушул жылдын башынан тартып, жаштар уюму тарабынан 1 миллион сомдун тегерегиндеги каражаттар ар кандай иш чараларга сарпталган. Былтыр райондун аймагындагы 12 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын Чолпон-Атага жайкы эс алууга алып барып келишкен.

http://turmush.kg/news:62311/