Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Таза суу менен Ысык-Көл облусунун айылдары көбүрөөк камсыз болсо, Жалал-Абаддын жашоочуларынын 62,1%ы гана камсыздалган

Баракелде - Кыргызстанда таза суу менен Ысык-Көл облусунун айылдары көбүрөөк, ал эми Жалал-Абад облусунун айылдары азыраак камсыз болгон. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта таза суу менен камсыздоону өнүктүрүү жана суу бөлүштүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин маалыматында белгилүү болду.

Анын айтымында, айыл калкына таза суунун жеткиликтүүлүгү боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата Ысык-Көл облусунда 176 айылдын 305 миң 529 тургуну же 88,4%ы таза суу менен камсыз болгон.

Ал эми, Жалал-Абад облусундагы 409 айылдын 715 миң 321 тургуну же 62,1%ы гана таза сууну колдоно алат.

Таблица

http://barakelde.kg/news:77589/