Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында 446,4 миң сомго 500 метр суу каналы оңдолууда,- айыл өкмөтү

Turmush - Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айыл аймагында дыйкан-фермерлердин көйгөйүн чечүү максатында 446 миң 818 сомдук суу канладарын оңдоп-түздөө иштери жүрүп жаткандыгын аталган айылдын айыл өкмөт башчысы Рахат Алыбаев кабарлады, деп Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анын айтымында суу каналдарын оңдоп түздөө үчүн ПРООНго сунушталган долбоор жактырылып, анын негизинде ПРООН тарабынан 354 миң 326 сом, ал эми өздүк салымдан 92 миң 492 сом каражат каралып, учурда 500 метр суу каналдары оңдолуп жатат.

Учурда оңдоо иштеринин 80 пайызы бүтүп калды.

http://www.turmush.kg/news:86363