Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун бештен бир бөлүгү аткарылбай калууда, - мэр К.Кулматов

Баракелде - Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун айтымында, шаардык кеңештин токтомдорунун бештен бир бөлүгү аткарылбай калууда.

Бишкек шаардык кеңештин бүгүн, 31-октябрдагы отурумунда «Бишкек шаардык кеңешинин токтомдорун жана протолдук тапшырмаларынын аткарылышы жөнүндө» отчет угулду.

Шаардык кеңештин маалыматына ылайык, бул маселе кеңештин токтомдору менен протолдук тапшырмаларынын мэрия тарабынан аткарылбай жатышына байланыштуу каралып жатат.

«26-чакырылыш ишин баштагандан бери 15 сессия өттү, ошондой эле президиумдардын жана Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын отурумдары өтүп жатат», - деди К.Кулматов.

Ал билдиргендей, мэриянын дарегине жалпысынан 367 суроо жана 97 токтом берилген. Анын ичинен 345 суроо боюнча чечим кабыл алынган, бул көрсөткүч 94%ды түзөт. Ал эми, суроолордун 6%ы боюнча иш жүрүп жатат. Токтомдордун ичинен 19у, же 20%ы аткарылган эмес.

http://www.barakelde.org/news:84294/