Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Акимдер калк менен жергиликтүү бийликтин көпүрөсү болушу керек, - премьер-министр Ж.Оторбаев

Баракелде - Акимдер эл менен иштеши керек, акимдер калк менен жергиликтүү бийликтин көпүрөсү болушу керек. Бирок тилекке каршы, айрымдары начар иштеп жатышат, биз сиздерге эки ай убакыт беребиз, деди бүгүн, 31-октябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөттүн жыйынында акимдерге кайрылып жатып.

Премьердин айтымында, кен чыгуучу жерлердин маселелерине көңүл буруу зарыл. Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик башкача иштеп баштады: аукциондор менен конкурстар укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жер жерлерде өткөрүлө баштады.

Өз кезегинде, экономика министри Темир Сариев, акимдерге кайрылып жатып, биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев айткан сындар - ондун бири экенин белгилеп, «Ал эми иштер аткарылбай жатканы - мунун баары силердин колуңарда. Качан өлкө күчтүү болот? Качан гана аймактар өнүккөндө», - деди министр.

http://www.barakelde.org/news:84290/