Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык курулуш башкармалыгында бир катар сабаттуу кызматкерлер иштен бошотулду, мындай талап уланып жатат - кызматкерлер

Баракелде - Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык курулуш башкармалыгына Айбек Өмүралиевдин жетекчи болуп келиши менен жарым жыл убакыттын ичинде 18 кызматкер жумуштан алынды.

Бул массалык кардык «тазалоо», деп билдиришти аталган башкармалыктын кызматкерлери бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаарындагы маалымат жыйында. Маалымат жыйынга катышкан кызматкерлердин айтымында, учурда аларга карата кызматтан кетирүүгө мажбурлоо болуп жатат.

Жыйынга катышкан жер тилкелеринин ижарасы боюнча бөлүмдүн жетекчиси Назгүл Кожоналиева, турак жай эмес имараттардын ижара бөлүмүнүн башкы адиси Рахат Осмонкулова, сатуу бөлүмүнүн башкы адиси Кабыл Кыдырмышев жана бөлүм башчы Данияр Толкомбаевдин айтымында, мындай «тазалоо» аракеттери жумуш орунун бошотуу менен аларды жетекчиликтин тааныштарына жана жакындарына берүү үчүн уюштурулуп жатат.

«Жаңы жетекчинин келиши менен автоматизациялоо убадасы берилген. Кызматкерлер дем алышсыз иштеди, бирок 6 ай убакытта эч кандай автоматизацилоо жана оптимизациялоо иштери аткарылган жок. Кыска убакыттын ичинде сабаттуу адистер кызматтан бошотулду. Ал эми, алардын ордуна иш тажрыйбасы жок кызматкерлер алынды.

Мурунку кызматкерлер гана иштерди аткарып жатат, ал эми жаңылардын тажрыйбасы жок. Алар кандайдыр бир тапшырмаларды аткарып жатышы мүмкүн. Жетекчилик тарабынан текеберлик мамиле кылынып жатат. Мурунку кызматкерлерге басым жасалып жатат», - деди Р.Осмонкулова.

Кызматкерлер билдиргендей, учурда башкармалыктагы кызматкерлердин саны 70ке жетет.

«Кызматкерлердин 70%ы жаштар, алар акы төлөө менен батирде турушат. Алардын болгон эмгек акысы 10 сом. Бизди коррупция боюнча айыптап жатат, бирок бир дагы факты, далил жок. Айбек Өмүралиев өзү бизнесмен, гезиттерге да ал тууралуу негативдүү маалыматтар жазылган. Учурда ал бизден өз каалообуз менен кызматтан кетүү үчүн арыз жазууну талап кылып жатат», - деди Назгүл Кожоналиева.

Ал кошумчалагандай, А.Өмүралиев ага чалууга жеңил болгондой уюлдук компаниялардын номурларын алууга мажбурлап жатат.

Жыйындын катышуучулары билдиргендей, бул маселе боюнча президенттин, башкы прокурордун жана Жогорку Кеңештин фракция лидерлеринин жана депутаттарынын, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын, УКМКнын, акыйкатчынын жана Бишкек шаарынын мэринин атына кайрылуу жазылды.

http://www.barakelde.org/news:84256/