Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Кочкор районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына 10 күндүк окуу семинары башталды (фото)

Turmush - Нарын облусунун Кочкор районунда «Стратегиялык пландоо жана экономикалык өсүүсү» аталыштагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 10 күндүк окуу башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Бүгүн, 4-ноябрда райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынын кызматкерлеринин катышуусунда 10 күндү окуусу башталды. Окууну КР Президентине караштуу башкаруу академиясынын кызматкери Гулбайра Турганбаева айыл өкмөт башчыларынын квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуусун баштады.

Окуунун жыйынтыгында атайын мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар тапшырылат.

http://www.turmush.kg/news:88617