Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Сокулук айылдык кеңешинин төрайымы эл өкүлүнөн бала бакчаны бүткөрүү үчүн каражат маселесин чечүүгө жардам сурады

Turmush - Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина (КСДП) жумушчу сапары менен Чүй облусунун Сокулук районунда болуп, андагы социалдык мекемелердин абалы менен таанышты, деп билдирди ЖКнын басма сөз кызматы.

Райондук ооруканада эмгектенген ак халатчандар өз каражаттарынан имараттын ички бөлмөлөрүн оңдоп-түзөөдөн өткөрсө, жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн бюджетинен андагы Балдар бөлүмүнө балдар ойной турган атайы аянтчаны куруп беришкен.

Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде Сокулук айылында да мыйзамсыз менчиктерилген бала бакчалдардын имараттары мамлекеттин карамагына өтүп, аларды оңдоп-түзөө иштерин жергиликтүү кеңештер менен айыл өкмөттөрү колго алышкан. Быйыл район борборунда 13 бала бакча ачылса, алардын үчөө менчик болуп эсептелет.

Сокулук айылдык кеңешинин төрайымы Замира Сатыкеева «Алтын балалык» бала бакчасынын концерттик залын бүткөрүүгө каражат жетпей жатканын айтып, депутаттан маселени чечүүгө жардам берүүсүн өтүндү.

http://www.turmush.kg/news:90656