Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагында жергиликтүү кеңештин кезексиз отурумунда жергиликтүү бюджеттин калган каражаттарын бөлүштүрүлдү

Turmush - Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагында жергиликтүү кеңештин кезексиз отуруму болуп, жергиликтүү бюджеттин калган каражаттарын бөлүштүрүшкөндүгүн, кеңештин төрагасы Улан Кыдыров маалымдады, деп билдерет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка карасак, кечээ, 19-ноябрь күнү Кара-Бүргөн айылдык кеңештин депутаттары кезексиз отурумга чогулушуп, анда жергиликтүү бюджеттин калган 178 миң сом каражаттын 80 миң сомун таза суу түтүктөрүнө, 30 миң сомун айыл өкмөтүнүн мамлекеттик автоунаасын оңдоого жана 68 миң сомун генпланга бөлүшкөн. Андан сырткары, айылдагы туруктуу 3 комиссиянын иштерин карап, аларга тийиштүү деңгээлде иш алып баруу жактары тапшырышкандыгын-төрага кошумчалады.

http://www.turmush.kg/news:92755