Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Кыргызстанда акыркы 5 жылда жайыттардын аянты 134 миң га азайды, - «Кыргызгипрозем»

Баракелде - Кыргызстанда акыркы 5 жылда жайыттардын аянты 134 миң га же 1,5% азайды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Бишкектеги маалымат жыйында «Кыргызгипрозем» жер орноштуруу боюнча Мамлекеттик долбоорлук институттун жетекчиси Ажыбек Касмалиев билдирди.

«Акыркы 5 жылда гана жайыттардын аянты 9 млн 189 миң гектардан 9 млн 58 гектарга азайган. Башкача айтканда жайыттардын жалпы аянты 134 миң га же 1,5% азайды»,- деди ал.

«Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, 166 миң га жайыт деградациялангандыгы, 416 миң га аянт ар кандай даражадагы эрозияларга туш болгондугу, 40 градустан жогору тике ылдый жерлерде жайгашкан 197 миң га жер чарбалык колдонуудан чыгарылышы керектиги, 1 миң 554 га жерди тоют болбой турган чөптөр басып кеткендиги, 1 миң 500 га жер -таштак, 2 миң 741 га жер шарттуу-таза экендиги аныкталды»,- деди Касмалиев.

Анын айтымында, жайыттардын жалпы аянты өзүнө, гектарына 0,8 центнерден аз тоют берген «аз тоюттуу» жайыттарды камтыйт.

«Аз тоюттуу» жайыттарды аянты 500 га түзөт»,- деди ал.

http://www.barakelde.org/news:86839/