Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Москва районунда 2014-жылы 10 млн сомдон ашуун каражатка суу түтүктөрү оңдолду

Turmush - Москва районунда калкты суу менен камсыздоо маселеси орчундуу болуп, жергиликтүү элден көп арыздар түшкөндүктөн 2014-жыл «Таза суу жылы» деп жарыяланган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана башка тиешелүү мекемелер тарабынан калкты сапаттуу суу менен камсыз кылуу максатында 10 млн 991 миң 200 сомго оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Анын ичинен СООППВ тарабынан 1 млн 510 миң сомго, «ТВСиВ» ишканасы тарабынан 431 миң сомго, кичи жана орто бизнес ишканалары тарабынан 4 млн 573 миң 700 сом, эл аралык долбоорлордун эсебинен 4 476 миң сомго тиешелүү иштер аткарылды. Ошондой эле, бул багыттагы иштер быйыл, 2015-жылы да улантылмакчы.

Белгилей кетсек, Москва районунда 28 калк жайгашкан аймакта 85 миң 186 адам жашайт. Ал эми, суу түтүктөрүнүн жалпы узундугу 347,37 чакырымды түзөт

http://www.turmush.kg/news:102797