Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Жумгалдын Көк-Ой айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу болуп чүйлүк М.Төлөгөнов дайындалды (фото)

Turmush - Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну Мелис Төлөгөнов дайындалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-февралда Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Бакыт Женалиев кабарлады, деп билдирди аймактык кабарчы. Анын айтымында, кечээ, 18-февралда район акими Адылгазы Исагулов жетектеген жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, укук коргоочу Рита Карасартова баш болгон укук коргоочулар келип убактылуу жетекчини дайындап кетишти. Мелис Төлөгөнов буга чейин КР Каржы министрлигинде бөлүм башчы болуп иштеген. Ошондой эле, бир катар айыл өкмөт башчысы болуп кызмат кылган. Эске салсак, Жумгал районунун Көк-Ой айыл өкмөтү 2 ирет шайланбай, жергиликтүү кеңеш 3-4 ирет таркатылып, 5ге жакын шайлоо болуп өткөн. Подробнее по ссылке: Турмуш