Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ!

Урматтуу жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттары!

Сиздерди биринчиден эл ишенимине татып жергиликтүү кеңешке депутат болуп келишиңер менен , экинчиден жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз! Ушул жаңы 2017-жылдан сиздердин депутаттык ишмердүүлүгүңөр башталып, ал 2021- жылга чейин созулат. Сиздерди биздин калкыбыз эл ичинен эң татыктуу, таза, эл жүгүн көтөргөн, чынчыл, чыныгы мекенчил катары тандап өз добуштарын берип шайлашты. Демек, эл ишенимине татыктуу кызмат өтөө - чоң милдет, ошондой эле элдин жүгү, тагдыры жана келечеги сиздердин мойнуңарда.

Айылдык (шаардык) кеңеш-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы, айыл өкмөтү ( мэрия) –аткаруу органы болуп эсептелет. Конституцияга ылайык, жергиликтүү бийликтин ушул эки бутагы жергиликтүү калктын(жамааттардын) кызыкчылыгы үчүн өз жоопкерчилигинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө укуктуу жана реалдуу мүмкүнчүлүккө ээ. Депутаттар жергиликтүү бийликтеги эл өкүлдөрү болгондуктан алар айыл (шаар) калкынын алдыдагы 4 жылдык тарыхына, анын социалдык-экономикалык өсүшүнө жана калкка сапаттуу кызматтардын көрсөтүлүшүнө биринчи кезекте айылдык (шаардык) кеңеш жоопкерчиликтүү болот.

Биздин жарандар өз депутаттарынан жигердүү жакшы иштерди жасашат деген ишеним менен жашап, ар биринин жашоо-турмушундагы турмуштук зарыл маселелерди чечишет деп күтүшөт. Ушундай жоопкерчиликти ишти татыктуу аткарууга Сиздер даярсыздарбы? Эгер билим жана тажрыйба жагынан муктаждыктар болсо, кайда кайрылып жардам алуу керек? Коом үчүн эң коркунучтуу, эң зыяндуу- бул сабатсыз, жоопкерчиликти сезбеген депутаттар экенин турмуш көрсөтпөдүбү.

Шайлоочулар менен жарандардын суроо-талаптарын жана алардын маселелерин чечүүдөгү пайда болгон кыйынчылыктарды жеңилдетүү максатында “ Коомдук иликтөө институту” Сиздерге төмөнкүдөй кызмат көрсөтүүнү сунуштайт:

-ЖӨБО дараметин көтөрүү боюнча алдыңкы билим берүү технологияларын колдонуу менен окуутренингдерин жана семинарларды өткөрөт;

- Жергиликтүү кеңештин ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүп, анын ишин жакшыртууга көмөк көрсөтөт;

- Юридикалык жактан кеп-кеңеш көрсөтүп, сотко чейин коштойт, сот процесстерине мониторинг жүргүзөт;

- Керектүү укуктук –ченемдик актылардын даярдалышына көмөк көрсөтөт;

- ЖӨБО чыр-чатактардын чыгуу себептерин иликтеп, алардын чечилишине көмөктөшөт (медиация);

- Маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө( айылдынжарандарынын чогулуштары, коомдук угуулар ж.б.) көмөк көрсөтөт;

- Муниципалдык менчиктеги жерлерди жана мүлктөрдү ижарага берүү боюнча конкурс, аукциондуөткөрүүнү даярдоого жана уюштурууга жардам көрсөтөт;

- Аукционисттин кызматын сунуштайт;

-ЖӨБО мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга усулдук жардам көрсөтөт.