Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Айыл өкмөт башчылыгына талапкерлигин коюп жаткандар ошол аймакта туруктуу каттоодо туруусу милдеттүү эмес
Айыл өкмөт башчылыгына талапкерлигин коюп жаткандардын ошол аймакта туруктуу каттоодо турган-турбаганы маанилүү эмес. Ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттыгы үчүн ат салышып жаткандар болсо, алар туруктуу каттоого турушу керек. Мындай маалыматтар менен депутат Кенжебек Бокоев бүгүн, 27-мартта Талас шаарында өтүп жаткан парламенттик угууда билдирди. Ошондой эле эл өкүлүнүн айтымында, – “Айылдык кенештерди да шаардык кенештер сыяктуу эле партиялык системага өткөргөндө гана гендердик маселе шыр чечилет”. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Муниципиалдык кызматтагылардын класстык чен алуусу боюнча маселе көтөргөндүгүн айткан демилгечи депутат,-“Айылдык кеңештердин төрагалары айлык алып иштесин,- деген сунуш Жогорку Кеңеште 3-окууда кабыл алынып, бирок Президенттин кайчы пикири менен кайтып келген. Эгер демилге колдоо тапса, аталган жергиликтүү кеңештердин төрагаларына жергиликтүү бюджеттен каржылоо иштери колго алынмак эле”,- дейт.

Айыл өкмөт башчысынын же шаар мэринин кызмат ордуна көрсөтүлүүчү талапкерлерге карата кошумча квалификациялык талапты киргизүү мыйзам долбоорундагы жаңылыктардын бири. Ал мамлекеттик тилди эркин билүүнү милдеттендирүү болуп саналат.

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө» ошондой эле «Мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган Талас шаарындагы парламенттик угууга Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Асылбек уулу Дамирбек менен депутат Бактыбек Райымкулов катышууда.

Эске сала кетсек, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамынын маңызы жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо” жөнүндөгү мыйзам долбоорунун максаты боюнча парламенттик угуулар Ысык-Көл, Нарын, Ош, Баткен областтарында өткөрүлгөн. Эми Талас областындагы парламенттик угуудан кийин, эртең 28-мартта Жогорку Кеңештин жыйындар залында ушул эле теманын уландысы кеңири талкууга чыгат. Андан соң, 31-мартта ушул эле айыл өкмөт башчыларын түз шайлоого арналган мыйзам долбоору Жалал-Абад областында да кеңири талданмакчы.

Толук маалыматты шилтемеден алаласынар.