Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Лейлектеги Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаттары көйгөйлөрдү эл менен чогуу чечүүдө

Turmush - Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаттары элдин башын бириктирип, жеке каражаттарына аймактагы бир катар көйгөйлүү маселелерди чечүүдө.

Депутаттар — Кыдырбек Айбалаев, Пазыл Шарипов, Акжол Баратов, Майрамбек Темиров, Темир Калмурзаев, Кубаныч Баянов жана Мирбек Аширматов биргеликте каражат топтоп, Арка-2 айылы менен Жаңы-Конуш айылын байланыштыруучу негизги көпүрөнү куруп беришти. Ага кийинчерээк эл дагы салымын кошкон. Буга чейин жаңы конуштагы окуучулар, жаш бөбөктөр, Арка-2 айылындагы мектепке, бала бакчага, мечитке көпүрө жок болгондуктан кыйынчылык менен каттап жүрүшкөн. Учурда ал көйгөй чечилди. Бул көпүрөнүн курулушуна 1 млн сомго жакын акча каражаты сарпталган.

Андан сырткары, Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Кыдырбек Айбалаев өзүнүн жеке каражатына ошол эле айылдагы Буркан Набиев орто мектебинин спорт залын 300 миң сомго заманбап типте оңдотуп берди. Ошондой эле, депутаттардын демилгеси менен Арка-2 айылына жаштар үчүн 250 миң сомго фитнес клуб курулган. Демилгечилер муну менен айыл элинин спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана дени сак болууга чыкыруу максатын көздөшөт. Учурда фитнес клубда 100гө жакын кыз-келиндер жана эркектер машыгууда.

Ал арада депутаттардын демилгеси менен «Алия» фирмасы тарабынан Арка-2 жана Борбордук айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 200 миң сомдук азык-түлүк таратылды.
Жаңы-Жер айыл аймагындагы жолдорду оңдоп-түзөөгө да эл өкүлдөрү өз салымдарын кошуп келишет. Ал эми, Кыдырбек Айбалаев «Шумкар» бала бакчасынын имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрдү. Аталган иштерди аткарууда жергиликтүү бийлик дагы жардам көрсөтүп жатат.

Толук маалымат жана сүрөттөрдү көрүш үчүн щилтемеден өткүлө.