Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Депутаттардын тирешинен шаарда иш токтоду

Жалал-Абад шаарынын бюджети жарым жылдан бери бекитилбей, бала бакчаларды оңдоо жана курулуш иштери дээрлик токтоп турат.

Анткени май айында шайланган депутаттар бирикпей, алгачкы сессиясын да өткөрө албай жатышат.

Шаардагы Чыңгыз Айтматов атындагы аймактык башкармалыгында быйыл сентябрда жаңы бала бакчанын ачылышы болмок. Былтыр курулушу башталган имаратка быйыл каражат маселеси бөлүнбөй, бүтпөй токтоп турат. Мындан сырткары шаардагы 22 бала бакча имаратында жаңы окуу жылына карата капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлө элек.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев бюджеттин бекитилбей жатышы билим берүү тармагына таасирин тийгизип жатканын айтты:

- Шаар бюджетинен бала бакчалардын тамак-ашына жана ремонтуна бөлүнүүчү каражаттын 12/1 бөлүгүн гана иштетип жатабыз. Мыйзамда андан ашык алганга болбойт экен. Ошол себептүү балдардын тамак-аш маселесинде кыйынчылыктар жаралып жатат. Азыркыга чейин бала бакчаларда капиталдык оңдоо иштери жүрө элек. Мектептерге болсо Билим берүү министрлигинен каражат каралган. Биз да эртерээк бюджет кабыл алынса деп турабыз.

Жалал-Абаддын борбордук бөлүгүнө жер алдынан өтмөк куруу үчүн жыл башында долбоор даярдалган. Мындан сырткары көчөлөрдү кеңейтүү иштери пландалган. Аткаруу бийлиги бул багытта шаардык кеңештин уруксатысыз чогултулган каражатты иштете албай жатканын айтат.

Калаанын мэринин милдетин аткаруучу Салайдин Авазов 2 млрд сомдук инвестициялык долбоорлор да токтоп турганын билдирди:

- Былтыркы жылдан бери биз ондон ашык долбоорлорду даярдап, тийиштүү комиссиялардын колдоосун алганбыз. Аны Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 2 млрд сомго жакын каражатка каржылай турган болгон. Алар азыр каржылоо үчүн долбоордун шаардык кеңеш бекитип берген версиясын сурап жатышат. Ал эми шаардык кеңештеги абалды баарыбыз жакшы билебиз. Ашыкча акча иштетүүгө мыйзам бизге жол бербейт экен.

Бирок ага карабай аткаруу бийлиги республикалык бюджеттин эсебинен жол куруу иштерин жүргүзүп жатат. Быйыл шаардын ички көчөлөрүн оңдоого республикалык казынадан 110 млн сомдон ашык каражат каралган. Азыр алардын алгачкы этабы ишке баштады дейт Авазов.

- Республикадан каралган 14 млн сомго Төш-Кутчудан Тайгараев айылына чейинки жол толугу менен асфальтталды. Мындан сырткары 95 млн сомго учурда алты көчөнү оңдоо боюнча тендер өтүп жатат. Буйруса шаардын борборундагы Токтогул, Барпы-Сейил, Кыргыз Республикасы, Шопоков, Шерматов көчөлөрүн кайрадан толук оңдоо жумуштары август айынан башталат. Быйыл шаарда былтыркыга салыштырмалуу эки эсе көп жумуштарды аткарабыз деп пландаганбыз. Бюджет бекитилбей, ушул бизге толкоол болуп турат. Ал эми ага карабай колдон келген аракеттерди көрүп жатабыз. Айрым партиялар аткаруу бийлигинин иштөөсүнө бут тосууга аракет жасаганы менен, жумуштар токтоп калган жери жок.

100 миңден ашык калкы бар Жалал-Абад шаарынын быйылкы бюджети 325 млн сомдон ашык деп пландалууда. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 70 млн сомго аздык кылат. Анткени айрым салык түрлөрү алынып салынгандыктан, киреше бөлүгү азайган.

28-майда жаңыдан шайланып келген шаардык кеңештин депутаттары ушул күнгө чейин алгачкы сессиясын өткөрө албай жатат. Ага партиялар ортосундагы пикир келишпестик жана мэрдин креслосунун айланасындагы талаш себеп болгондой.

Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси Бактыгүл Беркбаева азчылыктагы партиялар бюджет комиссиясын түзүүгө келбей жатышат деди:

- Шаардын бюджети милдеттүү түрдө шаардык кеңештин бюджет комиссиясында каралып, андан соң жалпы сессияга сунушталышы керек. Учурда шаар кеңешинин регламентине өзгөртүү киргизип, башка комиссиялар иштеп жатат. Ал эми бюджет комитетиндеги азчылыктагы депутаттар жок, партиялар болсо кайрылууга жооп бербей жатышат. Эгерде дагы эки жолу келбей койсо шаар кеңешинин регламентине ылайык, бюджет жалпы жыйында каралып бекитиле берет. Азыр биз жаңы бюджет жөнүндө мыйзамдын айланасында түшүнүк алуу үчүн Жогорку Кеңешке да кайрылуу жолдойлу деп турабыз.

Курамына КСДП, “Республика”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партиялары кирген көпчүлүк коалициянын лидери Сайдулла Чымбердиев келаткан аптада бюджет маселесин талкуулаганы сессияга чогуларын билдирди. Ал эми азчылыктагы “Ата-Журт” менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттары башынан эле “алгачкы сессияга чакыруу мыйзамсыз болууда” деген пикирди карманып, келбей жатышат.

Шаар тургуну Узакбай Маматкулов депутаттарды кызыкчылыктарды артка таштап, биригүүгө үндөдү.

- Азыркы депутаттарды мен шаардын өнүгүүсүнө карай чыккынчы катары көрүп жатам. Мурунку чакырылыштагы депутаттар эле кайра келип, ошол эле оюн кайталанып жатат. Бюджет болсо бекитилбей, шаар турмушу артка кетти. Мындай карасаң эки-үч депутат биригип, жасалма жол менен кворумду уюштурбай, сессияны үзгүлтүккө учуратып жатышат. Биз шайлоочу катары алардан суранабыз, биримдикке келгиле, элди ойлогула. Жакшынакай болуп ишти баштагыла деп айтаар элем. Кээде айрым депутаттарга жолукканда балдарыңарды ойлогула деп катуу да айтып көрдүм.

Жалал-Абад Кыргызстанда Бишкек жана Оштон кийинки эле ири шаар болуп эсептелет. Анын башчысын шайлоо саясий оюнга айланып, былтыркы жылы шайланган депутаттар да мэр тандоонун айланасында бириге албай өзүн-өзү таратып жиберген. Учурда шаар башчылыгына КСДП партиясы өзүнүн талапкерлигин көрсөтсө, азчылыктагы фракциялар ага каршы болууда.

Толук маалыматты щилтемеден окуяласынар.