Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Жалал-Абад шаардык кеңеши бюджетти бекитпегендиктен банктык насыяга жарым миллион сом туум кошулду

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын жыйынга чогулбай жатышынан бюджет бекитилбей, Европа банкынан берилген насыяны төлөө кечиктирилип, ага жарым миллион сом туум кошулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык "Суу канал" башкармалыгынын жетекчиси Айтбай Мусаев билдирди.

“Бизге 22-апрелде үч жарым миллион сом төлөшүбүз керектиги тууралуу Европа банкынан билдирүү келген. Биз “Суу канал” ишканасы өзүбүздүн мекемеден бир жарым миллион сом которгонбуз. Калган каражат шаардык бюджеттен каралмак. Бирок шаардык кеңеш бюджетти ушул күнгө чейин беките элек. Ошондуктан калган акчага 500 миң сомдой туум кошулду. Төлөмдүн экинчи этабы октябрь айынын аягында жүргүзүлүшү керек. Эгер бул төлөм ошол убакка чейин кечиктирилип кете берсе, анда туум миллион сомго чыгышы толук мүмкүн”, - деди Мусаев.

“Суу канал” башкармалыгынын башчысы билдиргендей, учурда Жалал-Абад шаарында Европа өнүктүрүү жана кайра куруу банкынын долбоору менен суу системдери жаңыланып жатат. 7 миллион еврого бааланган ири долбоордун 3 миллиону насыя иретинде, калган 4 миллион евро кайтарымсыз каралган.

“Биз 2025-жылга чейин 3 миллион еврону толук төлөп бүтүшүбүз керек. Быйыл шаардык бюджеттен 15 миллион сом карап берүүсүн сурап кайрылгам”, - деди Мусаев.

Шаардык кеңештеги курамына КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика” фракциялары кирген көпчүлүк коалициянын лидери Сайдулла Чымбердиев SUPER.KG`ге депутаттардын жоопкерчиликсиз мамилесинен улам кышка даярдык, социалдык мекемелердин курулушу жана кышкы жылуулук менен камсыздоо иштери да токтоп турганын айтты.

“Азыр бул 500 миң сом туум кошулганын билбейт экенмин. Бюджетке байланган шаар чыгымга учурай турган толтура реалдуу коркунучтар турат. Маселен, азыр көмүр арзан. Эгер азыр бюджетти карап, ушул мезгилде мектеп бала бакчаларды көмүр менен камсыздап албасак, эртең эки эсе кымбат сатып алууга туура келет. Бул да шаарды миллиондогон чыгашага алып келет”, - деди Чымбердиев.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаардык кеңеши алгач 2016-жылдын 11-декабрында шайланып, шаар башчысын шайлоодо бир чечимге келбей быйыл апрель айында тараган. Депутаттарды шайлоо 28-майда мөөнөтүнөн мурда кайра белгиленип, анда КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика” “Өнүгүү”, “Ата Журт” партиялары шаардыктардын колдоосун тапкан.

29-июнда шаардык кеңеш биринчи сессиясын ачып, курамына КСДП, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика” фракциялары кирген көпчүлүк коалиция түзүлүп, ал эми “Өнүгүү”, “Ата Журт” фракциялары азчылыкта калган болчу. Бирок жыйынга азчылыкты түзгөн эки фракциянын депутаттары катышпай күн тартибиндеги шаардык кеңештин төрагасын шайлоо маселеси да калтырылган. Андан бери шаардык кеңеш беш жолу жыйынга чакырылып, бирок депутаттар келбей 29-июнда ачылган сессия бүгүнкү күнгө чейин жабыла элек. Учурда көпчүлүк коалициянын депутаттары азчылыгы жок эле бюджетти кароого өткөнүн айтууда. Буга чейин шаардык кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери Сайдулла Чымбердиев шаардык кеңеш экинчи ирет тарап кетиши мүмкүн экенин SUPER.KG`ге билдирген.

Толук маалыматты щилтемеден окусанар болот.