Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

ЭЛ АРАЛЫК ДОНОРЛОР БИР КАТАР ШААРЛАРДЫН ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДОО ҮЧҮН КАРАЖАТ БӨЛӨТ

Каганат

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Майлуу-Суу, Токтогул, Балыкчы, Өзгөн шаарларынын таза суу менен камсыз кылуу жана канализация тутумунсистемасын реабилитациялоо долбоору боюнча насыялык жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Майлуу-Суу, Токтогул, Балыкчы, Өзгөн шаарлары суу түтүктөрдүн жана саркынды суу түтүктөрүнүн эскирүүсүнө байланыштуу реабилитациялоого жана реконструкциялоого муктаж. Ошондон улам, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аталган долбоорду колдоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Майлуу-Суу шаарынын долбоорунун жалпы суммасы 6,65 млн еврону жана 1,6 млн долларды, Токтогул шаарынын долбоору 5,3 млн еврону жана 1,21 млн долларды, Балыкчы шаарынын долбоору 5,3 млн еврону жана 1,21 млн долларды, Өзгөн шаарынын долбоору 8,5 млн еврону жана 2,75 млн долларды, түзөт. Бөлүнө турган каражаттын бир бөлүгө жеӊилдетилген насыя, калган бөлүгү гранттык каражат болуп саналат.

Депутат Акылбек Жапаров Каржы министрлигин кыска мөөнөттүү карыз алып жатканы үчүн сынга алды. “Акыркы мезгилде насыялар 15 жылга чейинки мөөнөт менен алына баштады. Аны төлөй турган убак тез эле келип калат. Өз маалында төлөй албайсыӊар. Насыяны 20 жылдан аз мөөнөткө албаш керек”, – деп, ал насыянын пайыздык үстөгүнө да көӊүл буруу зарылдыгын белгиледи.