Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Жалал-Абад: шаар казынасына жер участкаларынан киреше көп түшүп жатат

Быйылкы 9 айдын ичинде Жалал-Абад шаарынын казынасына жер участкаларын ижарага берүүдөн келип түшүүчү каражат пландагыдан көп болду. Жыл аягына чейин жер участкаларын ыңгайлуу пайдаланууда дагы да көп каражат түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Алынган маалымат караганда, шаардагы Муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан жер участкаларын ижарага берүү боюнча 6 жолу конкурс өткөрүлүп, жалпы аянты 32 миң 121,9 чарчы метр келген 82 участка жеңүчүүлөргө ижарага берилген. Анын натыйжасында, 9 ай ичинде казынага 5 миллион 436,9 миң сом киреше келип түшкөн. Ал эми тогуз айлык план 5 миллион 280 миң сом болсо, демек ал 103 пайызга аткарылган же 156,9 миң сом көп болгон.

Эске сала кетсек, Муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан шаар казынасына быйылкы жылы 9 айда жалпы эсепте 10 миллион 417,4 миң сом келип түшкөн. Бул пландагыдан 350,7 миң сомго көптүк кылат.

Толук маалымат алуу үчүн шилтемеден өтүңүз.