Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Ак-Талаада жергиликтүү тургундарга өкмөттүк долбоор түшүндүрүлүп жатат

Turmush - Ак-Талаа районунун айыл аймактарындагы жергиликтүү тургундарга өкмөттүн «Таза коом» жана «Жаңы доорго кырк кадам» долбоорун түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмаларын жеринде аткаруу боюнча райадминистрация, билим берүү бөлүмү, прокуратура, ички иштер бөлүмү жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчилери айылдарды кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушууда. Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулардын билим сапатын көтөрүү, олимпиаданы өткөрүүнү жакшыртуу, билим берүү уюмдарын аккредациялоо, китептерди ижарага берүү, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, ар кандай диний секталардан алыс болуу жана башка маселелер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Маалымат шилтемен алынган.