Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Жалал-Абад: 2017-жылдын бюджети бекитилди

Жалал-Абад шаардык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы шаар бюджетинин 2017-жылга карата долбоорун карады жана бекитти. Ошентип, жыл башында каралуучу шаар бюджети жыл акырында болсо да бекитилди.

Шаардык кеңештин 2016-жылы 11-декабрында шайланган жетинчи чакырылышынын курамы депутаттык фракциялардын өз ара саясий пикир келишпестиктеринен улам таркап кетип, кийинки сегизинчи чакырылышынын алты депутаттык фракциядан турган курамы 2017-жылы май айында шайланган. Ал эми быйылкы жылдын ноябрь айында шаардык кеңеште төрт фракциянын баш кошуусу менен “Ийгилик” аттуу көпчүлүк коалициясы түзүлүп, шаардык кеңеш ишин баштаган.

Быйылкы жылга карата шаар мэриясы шаар бюджетинин кирешелер бөлүгүн 382 миллион 940,5 миң сом көлөмүндө шаардык кеңешке бекитүүгө берген. Бул сумманын ичинен 70 миллион 672 миң сому атайын төлөмдөрдөн түшүүчү каражаттар болсо, республикалык бюджеттен келүүчү трансферлер өлчөмү 7 миллион 163,5 миң сомду түзөт.

Кирешелердин көлөмүнө ылайык, бюджеттин чыгашалар бөлүгүнүн көлөмү да 382 миллион 940,5 миң сомду, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү каражаттар көлөмү 70 миллион 672 миң сомду түздү.

Шаардык бюджет жыл башында бекитилбегендигине карабастан, шаардык аткаруу органдары шаарда тазалык, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо, көчөлөрдү асфальттоо иштерин жүргүзүп келишти. Айрыкча көчөлөрдү оңдоп-түзөө жана асфальттоо иштерине республикалык бюджеттин каражаттары тартылган.

Эми алдыда шаардын кийинки 2018-жылга карата бюджетин иштеп чыгуу жана шаардык кеңештин кароосуна алып чыгуу иштери турат. Быйыл бюджеттин жоктугуна байланыштуу ишке ашпай калган иштер кийинки жылы аткарылмакчы.

Терең маалымат үчүн шилтемеден өткүлө