Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Айыл өкмөтүнүн башчысын тикелей шайлоо усулун киргизүү демилгеси сунушталууда

Жогорку Кеӊеште жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарын шайлоо тутумун өркүндөтүү максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Демилгечинин айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо тутумун ыраатташтыруу чаралары сунуш кылынууда. Анын пикиринде, айыл өкмөтүнүн башчысын тикелей шайлоо аларга карата жергиликтүү калктын ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт.

Демилгечи айыл өкмөтүнүн башчыларын тикелей шайлоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарын коррупцияланган, кылмыштуу жетекчилерден тазалоого да түрткү берерин белгилейт. Анын айтымында, калк бири-бирин жакшы билгендиктен, жергиликтүү депутаттарга караганда калыстык кылат. Ошондой эле, жергиликтүү кеӊештердин иштөө мөөнөтүн 5 жылга чейин узартуу зарыл.

Андан сырткары, айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкер 30 миӊ сом өлчөмүндө күрөө коюу, мамлекеттик тилди өз деӊгээлинде билүү талаптары сунушталып жатканы, күрөө шайлоодо 15 пайыздык босогодон өткөн талапкерге кайра кайтарылып бере турганы белгилүү болду. Демилгечи өлкө экономикасындагы каражат каатчылыгын эске алуу менен, мыйзам долбоорунда каралган айыл өкмөтүнүн башчысын щайлоо усулу 2019-жылдан тарта күчүнө киргизүү ниети бар экенин белгиледи.

Терең маалымат алыш үчүн шилтемеден өткүлө