Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Ишкерлердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине негизсиз кийлигишүүлөр четтетилеби?

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (“КР Башкы прокуратурасы жөнүндө” Мыйзамга, Салык кодексине, “Изин суутпай издөө иши жөнүндө”, “КР улуттук коопсуздук органдары жөнүндө”, “КР ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамдарга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-процесстик кодекске) 1-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Таалайбек Масабировдун айтымында, мыйзам долбоору укук коргоо жана салык органдарынын ишкерлердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине негизсиз жана мыйзамсыз кийлигишүүсүн четтетүүгө, алардын укуктук корголушун күчөтүүгө, жагымдуу ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү түзүүгө, ошондой эле текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууда коррупциялык тобокелдиктердин көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүүгө, мамлекеттик башкаруу системасында мамлекеттик тартипти чыӊдоого багытталган.

Долбоордо укук коргоо органдарынын жана салык кызматы органдарынын кызматкерлери текшерүүнү дайындоо жөнүндө чечимди прокуратура органдарында каттабастан жүргүзсө, ал кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келери каралган.

Талкууда депутат Азамат Арапбаев ишкерлер мамлекеттик казынага салык төлөө менен салым кошуп жатканын белгилеп, мыйзам долбоорун колдоого чакырды. Депутат Исхак Масалиев ИИМ, УКМК жана башка бир катар мамлекеттик органдар мыйзам долбоорлоруна каршы корутундуларын бергендигин айтып, Салык мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү дыкат, шашпай кароо зарылдыгын билдирди. “Салык кодекси Салык кызматына гана тийиштүү. Салык кызматынын кызматкерлери прокуратурадан уруксат сурап текшерүү жүргүзүүсү анча туура эмес”,- дейт депутат. Бир катар эл өкүлдөрү айрым депутаттардын, айрым мамлекеттик органдардын сын-пикирлерин да эске алуу керектигин белгилешти.

Соңунда мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Толук маалымат үчүн шилтемеден өткүлө