Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Жалал-Абад мэриясы өткөн жылы муниципалдык менчиктен 1 млн.718 мин сом алды

Жалал-Абад шаарында муниципалдык менчиктен шаар казынасы үчүн киреше алуунун колөмү өсүп жатат. Алсак, 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы 1 миллион 718 миң 600 сом киреше көп алынган. Башкача айтканда, 2016-жылы 12 миллион 280 миң 800 сомго киреше түшсө, 2017-жыл ичинде 13 миллион 999 миң 600 сом келип түшкөн. Киреше жагынан план 103,3 пайызга аткарылган. Бул тууралуу мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин жетекчиси Болотбек Джусупбеков билдирди.

Анын айтымында, эң эле көп каражат турак жай эмес багыттагы имараттардын ижарасынан жана шаардагы көрнөк-жарнактардан келип түшүүдө.

– Өткөн жылы турак жай эмес багыттагы имараттардын ижарасынан план боюнча 1 миллион 500 миң сом бекитилген болсо, иш жүзүндө 1 миллион 750 миң 400 сом акча түшкөн. Ал эми шаардагы көрнөк-жарнактар боюнча бекитилген план 1 миллион 700 миң сом болсо, 1 миллион 820 миң сом жыйналды. Тынымсыз рейддердин уюштурулушунун, түшүндүрүү иштердин жыйынтыгы менен биз бекитилип берилген планды ашыгы менен аткара алдык. Жашоочуларыбыздын да ижара боюнча түшүнүктөрү жакшырды, баштагыдай уруш-талаштар болбой эле өздөрү келип, биз менен келишим түзүп, төлөмдөрдү төлөп жатышат, – дейт ал.

Киреше жагынан план 103,3 пайызга аткарылган.

Толук маалымат шилтемеде