Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Жалал-Абад бийлиги элге отчет беришти

Жалал-Абад шаарынын муниципалдык бийликтери менен шаар тургундарынын ортосунда өткөн жылдагы аткарылган иштер тууралуу кеңири диалог болду. Элдик жыйында шаар турмушундагы көйгөйлүү маселелер тууралуу кеңири баарлашышты. Бул туралуу Жалал-Абад мэриясынын маалыматтык борбору билдирди.

Шаар коомчулугу көчөлөрдү кеңейтүү, мектептерди жана балдар бакчаларын куруу, мектеп мугалимдерин социалдык жактан колдоо, ошондой эле сыртынан соттолуп, чет элде качып жүргөн Кадыржан Батыровго тиешелүү мүлктөрдү шаардын муниципалдык менчигине алуу сыяктуу суроолорду узатышып, шаар бийликтерине өз талаптарын коюшту.

Шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев өткөн жылы шаар аймагында 3 миллиард 67 миллион 200 миң сомдук өнөр жай пордукциялары өндүрүлгөнүн, анын ичинен 1 милилард 10 миллион 200 миң сому кайра иштетүү тармагына, ал эми 1 миллиард 972 миллион 300 миң сому энергетика тармагына туура келерлигин элге жарыя айтышты.

Ошол эле кезде шаарда элдин бизнес тармагындагы активдүүлүгү артып жатканы маалым болду. Мисалы, 2016-жылы ишкерлер өндүргөн продукциялардын көлөмү 265,1 миллион сом болсо, 2017-жылы 641,6 миллион сомго жеткен. Анын басымдүү бөлүгү кичи жана орто бизнес чөйрөсүнө таандык.

Шаар жетекчилери тургундардын суроолоруна жооп беришип, алардын ар бир сунуш-пикири 2018-жылдагы бюджетти кароо учурунда эске алына тургандыгын убада кылышты. Ошондой эле мүлктү камсыздандыруу, анын жол-жоболору тууралуу суроолорго Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрү жоопторду беришти.

Кийинки жолу шаар мэриясы шаар бюджетин долбоорун коомдук угууга алып чыкмакчы.

Толук маалымат шилтемеде