Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Айыл өкмөт менен мэрди шайлоо өзгөрмөй болду. Жаңы мыйзамдын жагдайы

Акыркы беш жылдын ичинде айрым айыл өкмөттөр менен мэрлер шайланбай калгандыктан, президент Жарлыгы менен 51 жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратып, кайра шайлоо дайындаган.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Өкмөт парламентке айыл өкмөт жетекчилери менен шаар мэрлерин шайлаган мурдагы мыйзамды өзгөртүп, жаңы норманы сунуш кылды. Бул багыттагы мыйзам долбоору өткөн аптада Жогорку Кеңеште каралып, биринчи окууда колдоо тапты.

Буга чейин "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси катышса, шайлоо үчүн кворум болду деп эсептелип келген. Өкмөт азыркы сунушталган мыйзам долбоорунун негизинде кворум үчүн жергиликтүү кеңештин көпчүлүк депутаттарынын эле катышуусу зарыл деп ынандырууда.

Ошентип депутаттардын жалпы санынын "үчтөн экисин" "көпчүлүккө" өзгөртүү сунушталууда.

Ал эми маалыматтарда таркатылган жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна 2017-жылдан тарта сарпталчу акча 19 миллион 434 миң 485 сомдун башын жей турган болуп турат.

Демилге эмнеден келип чыкты?

Буга чейин Кыргызстандын аймактарындагы бир катар айыл өкмөттөрү менен шаар мэрлери шайланбай калып калган учурлар кездешкен. Алсак, Жалал-Абад, Кара-Балта, Кемин, Таш-Көмүр, Айдаркен, Кадамжай шаарларында депутаттар ыркка келе албай, мэрлер кызматка отурбай, шайлоо болбой калган.

Ал эми Кыргызстандагы айылдык кеңештердин бир катарларына мындай картина көнүмүшкө айланган. Анын кесепетинен Кемин районунун Кара-Булак, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылдык кеңештеринин депутаттары мөөнөтүнөн мурда таратылган.

Акыркы беш жылдын ичинде мындай себептерден улам президент 51 жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратып, Жарлыгы менен кайра шайлоо дайындаган.

"Бул тенденция акыркы эки жылда өзгөчө күчөп кетти. 2013-жылы — 2, 2014-жылы — 6, 2015-жылы — 2, мурдагы жылы — 12, былтыр — 29 жергиликтүү кеңештер таркатылган. Ошентип таркатылган жергиликтүү кеңештердин саны акыркы эки жылда кескин өскөн", — деди мыйзам долбоорун парламентке сунуштаган Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев.

Мыйзамды сунуштап жаткандар Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын өкүлдөрү менен аткаруу органдарынын жетекчилерин шайлоодо бирдей тартип болуш үчүн жогоруда көсөтүлгөн ченемдерге бирдей өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын айтышты.

Мамлекеттин капчыгын кагып жаткан саясий саботаж

Саясий себептен келип чыккан мындай саботаждан улам кайра шайлоого чөнтөктү каккан каражаттар кетип жатканы маалым.

"Былтыр таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоого эле мамлекеттик бюджеттен 11 миллион 142 миң 185 сом сарпталган. Ал эми 2018-жылы таркатылган 9 жергиликтүү кеңештин депутаттарын 28-январда кайра шайлоого мамлекеттик бюджеттен 8 миллион 292 миң 300 сом чыгымдалмакчы", — деди Салиев.

Маселенин төркүнү башка жакта дешти

ЖКдагы "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев негизинен бул норма туура деп, бирок маселе башкада экендигин айтты.

"Аталган мыйзамда мындан башка деле кемчиликтер бар, аны комплекстүү албастан, демилгечилер депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси эмес, көпчүлүк деген норманы киргизишиптир. Буга каршы эмесмин. Биздин парламентте деле ушундай, көпчүлүк катышканда кворум бар. Туура эле деп ойлойм. Парламентте деле сотторду, өкмөттү жана башкаларды шайлоодо 3/2си деп койсо азчылыгы келбей коюп, кворум болбой жана башка бир топ интригалар болмок. Негизи эле кайра шайлоону, ал процесс учурундагы интригаларды токтотуш үчүн бир күндү дайындап, айыл өкмөтүнүн башчысы менен мэрди эл өзү добуш берүү менен шайласа туура болот деген пикирдемин", — деди депутат.

Эми 28-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таш-Көмүр шаардык, Кара-Жыгач, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо, Ош облусунун Араван районунун Юсупова, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык, Кемин районунун Кара-Булак жана Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка айылдык кеңештеринде шайлоо өтмөкчү.

Дагы