Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролу жана жоопкерчилиги күчөтүлөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу боюнча чаралар жөнүндө буйрукка кол койду.

Буйруктун тексти:

“Элдик бийликтин үстөмдүгү принциптерин ишке ашыруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну уюштурууга системалуу мамилени өркүндөтүү, өлкөнүн бардык региондорун динамикалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү жамааттардын ортосундагы эриш-аркак байланышты күчөтүү, алардын өз ара жоопкерчилигин көтөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3, 52, 60 жана 65-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Жумушчу топ 2018-жылдын 1-майынан кечиктирбестен ведомстволук аймактарды башкаруу маселелеринде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин олуттуу күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын өзгөртүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана берсин. Анын ичинде:

– мамлекеттик органдарды башкаруунун азыркы тармактык моделинен аймактык-тармактык башкаруу моделине ырааттуу өтүү;

– министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине карата тиешелүү кадрдык ыйгарым укуктарды жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына берүү;

– жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатууну караган мамлекеттин жана жергиликтүү жамааттардын жер ресурстарын башкаруунун жана тескөөнүн сарамжалдуу системасын калыптандыруу;

– жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү максималдуу эске алуу жана бийлик органдары менен калктын ортосундагы эриш-аркак байланышты бекемдөө;

– жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштөөсүнүн так жана ачык жол-жоболору, анын ичинде алардын өз ара мамилесинин так регламенттери;

– жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга тиешелүү ыйгарым укуктарды берүү менен республикалык бюджеттен региондорду өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо жана алардын ишке ашырылышын контролдоо практикасын оптималдаштыруу жана натыйжалуулугун жогорулатуу;

– жергиликтүү бюджеттин кирешелерин администрациялоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү менен жергиликтүү бюджеттердин булактарын көбөйтүү;

– жалпы элдик жана мамлекеттик кызыкчылыктарды эске алып, жергиликтүү өнүктүрүүнү башкаруу процесстеринин сапатын жакшыртууга, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын ролун, ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган башка мыйзамдык, уюштуруучулук чараларды көрүү.

3. Жумушчу топ төмөнкүлөргө укуктуу деп белгиленсин:

– өз ишине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, эксперттик жамааттын, өкмөттүк эмес, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;

– коюлган милдеттерди аткаруу үчүн алардан зарыл болгон маалыматтарды талап кылууга жана алууга;

– каралуучу маселелерди талкуулоо боюнча конференцияларды, тегерек столдорду жана башка иш-чараларды уюштурууга.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө алам”.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү

боюнча жумушчу топтун курамы

Ниязов Фарид Абилезимович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Жумушчу топтун жетекчиси;

Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары, Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

Муканбетов Санжар Турдукожоевич – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

Керезбеков Канат Керезбекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы, “КСДП” фракциясы, Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);

Назаров Айтмамат Кошоевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы, “Кыргызстан” фракциясы (макулдашуу боюнча);

Туманбаева Рада Мураталыевна – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Республика - Ата-Журт” фракциясы (макулдашуу боюнча);

Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы (макулдашуу боюнча);

Жапаров Акылбек Усенбекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Бир Бол” фракциясы (макулдашуу боюнча);

Нышанов Сайдулла Канболотович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата Мекен” фракциясы (макулдашуу боюнча);

Шайымкулов Муратбек Ормонович – Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;

Бусурманкулов Эмилбек Бурканбекович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы;

Исмаилов Анарбек Касымович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

Ахметова Нурсулу Меирбековна – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;

Бекбоев Турдуназир Бекбоевич – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы;

Стамалиева Толгонай Турдалиевна – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;

Есеналиев Максатбек Кульчороевич – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;

Шайлдабекова Нуржан Кармабековна – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы (макулдашуу боюнча);

Мадумаров Акрам Камбаралиевич – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору;

Ахметов Уран Тулондиевич – Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Касымалиев Адылбек Алешович – Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Мурашев Нурбек Мурпазылжанович – Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

Новиков Артем Эдуардович – Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

Салиев Бахтияр Усманович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;

Жылкыбаев Узарбек Казиевич – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Сарыбашов Таалайбек Насирбекович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Ормонов Жапар Туратович – Ош шаардык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Авазов Салайдин Абдивалиевич – Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Торокулов Чолпонкул Асылбекович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

Ногоев Турусбек Молдобекович – Чүй облусунун Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими;

Надралиев Азамат Авасканович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн эксперти;

Торалиев Алчыбай - Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Кольбаев Найзабек Асанбекович – Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Ажыгулов Калыбек – Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айылдык кенешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Дикамбаев Азамат Шамильевич – Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору;

Алманбетов Омурбек Бадыевич – “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу” юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Добрецова Надежда Николаевна – “Өнүктүрүү саясаты институту” мекемесинин башкармасынын төрайымы (макулдашуу боюнча);

Третьяков Александр Викторович – “Гуманитардык долбоорлоо институту” коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);

Бекиев Бекболот Жапарович – “Өнүктүрүү саясаты институту” мекемесинин башкармасынын мүчөсү, “Жарандардын добушу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттуулугу: бюджеттик процесс” долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча).

Толук маалымат шилтемеде