Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Таалайбек Жайылов, “Бел Алды” айыл өкмөтүнүн башчысы: “Элибизге шарт түзүп берүү милдетибиз”

Токтогул шаарынын эң алыскы айылдарынын бири Бел Алды айылы. Алыс болгону аз келгенсип тогуз жолдун тоомунда, шарты катаал, кышы оор, суу маселеси бар айыл. Таалайбек Жайылов бул айыл өкмөттү башкарып келгенден бери көп убакыт өттү. Азыр айыл өзгөрүп, спорт зал курулуп, көчөлөр жарыктандырылып, эң башкысы ар бир үйдөн ысык муздак суу чыгат. Мына ушундай жакшы иштер болуп жатат деп шаардын эли кызуу алкоого алгандыктан биз айыл өкмөткө кайрылып көрдүк.

–Таалайбек Ташиевич, бул айыл өкмөттү канча убакыттан бери жетектейсиз?

–“Бел Алды” айыл өкмөтүнө 2008-жылы милдетин аткаруучу болуп, 2009-жылы дайындалгам. 2017-жылы кайрадан үчүнчү жолу дайындалдым. Андан бери көп убакыт өттү. Мен келгенде айылдын бюджети 280 миң сомду түздү. Бүгүн жалпы аракет кылып жатып 1,5 миллионго чыгардык.

–Кичинекей айылга бул чоң бюджетти кандай кылып чыгардыңыздар?

–Жергиликтүү элдин төлөгөн салыгынан эле топтодук. Салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн жыйымынан чыгардык. Элге төлөмдөр тууралуу туура маалымат бериш керек. Эл өзү төлөп жаткан акча кайра өзүнө керектелээрин билүүсү абзел. Салык боюнча мен жаңы келгенде маселе бар болчу. Атайын ар бир үйгө атайын түшүндүрүү баракчаларын таратып бердик. Салык төлөөчү адамдын суроосу болсо айыл өкмөткө келип териштирип алат. Биринчи жылы көп адамдар келип сурап жатышты. Биздин кызматкер баарын түшүндүрүп берди. Жалпы айыл өкмөткө тийешелүү жерлердин баарын териштирип төлөттүк. Көп сумма ошол жактан чыкты. Дүкөндөрдөн, таксисттерден патент алдык.

–Социалдык маселелер чечилип атабы?

–Мен айыл өкмөткө келгенден күндөн баштап айта турган болсом кимдир бирөөнү күнөөлөгөндөн алысмын. Мезгил башка эле ал убакта. Социалдык обьектилер жокко эсе болуп, колдо барынын акыбалы өтө начар болчу. Мектептердин үстүнөн суу акчу. Мектептердин, оорукананын үстүнөн суу агып айлабызды кетирчү. Азыр маселелерди чечип алдык. Мисалы оорукана, спорт зал, көчөлөр жарыктандырылган. Төрт чакырым жолду капиталдык ремонт жасаттык. Асфалть төшөтүүгө даярдап койдук. Кичи футболдук талаа курдурдук. Балдар буйруса спортко жакын болуп өсүшөт деп ишенем.

–Мен билгени бул айыл өкмөт тээ алыстагы булактан суу ташып иччү. Бул маселе жолго коюлганбы?

–Туура айтасыз, өмүр бою эле булактан ташып ичип келдик. Азыр ар бир үйдө бирден эшек, ат турчу. Эшек менен ат өзү барып келбейт, бир адам сөзсүз барыш керек. Кыскасы элдин түйшүгү болчу. Азыр Кудайга шүгүр маселе чечилди. Азыр ар бир үйдөн ысык муздак суу чыгат. Үч айылыбыз тең суу менен камсыз болуп жыргап эле калдык. Таза суу чыгарууда долбоор жазып, миллиондогон акчаларды короткон жокпуз. 34 чакырым жерден труба жаткыра турган арыкты эл өзү казды. Үйүнүн жанына келгенден кийин өздөрү киргизип алышты.

–Спорт зал буга чейин жок болчу, туура элеби?

–Гранттардын эсебинен утуп салып алдык. Залыбыздын ичиндеги баардык каражаттар алынган. Волейболдук сетка, күрөш килемдери коюлган. Ичинде ысык муздак суу чыгат. Спортчулар машыгуудан кийин жуунуп чыгып кете беришет. Кыскасы баардык шарт түзүлгөн.

–Баары бир көйгөй жок болбосо керек?

–Мен баарына жетишип кыйраттык дебейм. Бала бакчадан аксап жатабыз. 1992-жылы жер титирегенден кийин жеке менчикке берилип кетиптир. Азыр бала бакчанын сметасын түзүп даярдап койдук. Инвестор табылса баштайбыз. Быйыл курулуп калат деген үмүтүм бар.

–Өз алдыңыздарча аракет кылып жаткан турбайсыздарбы?

–Негизги биздин байлыгыбыз эл. Элибизге шарт түзүп берүү милдетибиз. Калкыбыз биз жасап жаткан иштерге ыраазы болсо эле кубанып калабыз. Элдин колдоосу болбосо биз эч нерсеге жетишпейт элек. Айыл өкмөтү кандай жакшы иш жасаса баарында Бел Алды айыл өкмөтүнүн элинин салымы чоң.

–Сиз олтурган имарат дагы алмашып калыптыр. Мурдагысы абдан эски беле жаңылышпасам?

–Ооба, бул имаратты да элдин жардамы менен куруп алдык. Кызматкерлер дагы жайлуу жерде олтуруп иштеш керек го. Кудайга миң мертебе шүгүр. Мен эмне жакшы иш жасасам баардыгында элдин чоң салымы бар.

Булак: Де-Факто

Толук маалымат шилтемеде