Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Төрт-Күл айылдык кеңештин төрагасы досун айыл өкмөт башчылыкка алып келүүдө, - депутат

Turmush - Тоң районунун Төрт-Күл айыл аймагынын башчысын шайлоодо пикир келишпестиктер жаралууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Төрт-Күл айылынын тургуну Мирлан Аскаровдун айтымында, айылдык кеңештин төрагасы Бакыт Зарлыков өзүнүн досун айыл өкмөт башчылыкка алып келүүгө аракет кылууда.

«Мен Төрт-Күл айылында төрөлүп өскөм. Учурда Бишкек шаарында жеке ишкерчилик менен алектенем. Өз айылыбыздагы маселени көрүп туруп унчукпай коё албайт экенбиз. 2017-жылы Төрт-Күл айыл өкмөт башчысын эки жолу шайлай албай койгондуктан мыйзам боюнча депутаттар тараш керек эле. Алар үчүнчү жолкусунда гана шайлашты.

Айылдык кеңештин төрагасы Бакыт Зарлыков өзүнүн досу Урмат Байсеркеевди айыл өкмөт башчылыкка алып келем дегенде элдер жана жаштар каршы туруп, 8 депутат каршы болуп, шайлоо болбой калган. Депутаттар тарабоонун жолун таап, Руслан Абылов деген кишини өз кызыкчылыктары үчүн шайлашкан. Арасында эл үчүн иштейм деген депутаттар бар, бирок тилекке каршы аз эле. Руслан Абыловду шайлап, мандаттарын сактап калышкан. Кайра ага ишенбөөчүлүк көрсөткөндүгү үчүн ал өз каалоосу менен кеткенге мажбур болду. Эми төрага Б.Зарлыковго кайрылсак досу Урмат Байсеркеевди алып келип жатат. Бөкөнбаев айылынын тургунун былтыр да алып келип, колдоо таппай кеткен. Эл Тилек Бектуров деген талапкерди шайлап бергиле деп жатышат. Анткени ал К.Бакиев кеткен учурда бир аз айыл өкмөт башчы болуп иштей баштаганда шайлоо болуп өтпөй калган. Тилекке каршы депутаттардын көпчүлүгү Урмат Байсеркеевди шайлайбыз деп жатат. Бизде көйгөйлөр көп болууда, кырмандын жарымынын көбү мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен. Мындан сырткары, маданият үйү жок, спорт зал жок, ФАПтын имараты эски, авариялык абалда. Биз болгону татыктуу эл үчүн иштей турган айыл башчы келсе деген ойдобуз», - деди ал.

Төрт-Күл айылдык кеңештин депутаты Айбек Ишбаев бул боюнча өзүнүн оюн билдирди.

«2017-жылкы шайлоодо Бөкөнбаев айылынын тургуну У.Байсеркеев талапкерлигин коюп, элден колдоо таппай калган. Бул талапкерлерди былтыр төрага Б.Зарлыков алып келген, экөө дос экен. 2017-жылдын аягында төрага Б.Зарлыков бизге эки, үч депутатка «быйыл У.Байсеркеевди алып келбейм, талапкер кылып көрсөтпөйм, өзү койсо коё берсин» деп айткан. Эми Темир-Канат округунун депутаттары аны көргөзүп чыгышты деп айтып жатышат. Бирок, өзү У.Байсеркеевди элге, кээ бир депутаттарга жолуктуруп, үгүттөп жүрөт. Эгер өзү алып келбесе үгүттөө жүргүзбөйт эле да. 2017- жылы шайлоодо эки жолу айыл өкмөт шайлай албай койгонубуз чындык, үчүнчүсүндө мыйзам боюнча депутаттар тараш керек эле, бирок экс-президент А.Атамбаевдин буйругу менен биз жана башка биз сыяктууларга дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берилген. Ошондуктан булар депутаттык мандатты сактап калыш үчүн мурдагы айыл өкмөт башчы Руслан Абыловду шайлашкан. Мен өзүм Р.Абыловго добуш берген эмесмин, айла жоктон шайлагандыгын Р.Абылов кетип жатканда депутаттар өздөрү мойнуна алышты. Алар: «Биз сизди тарап кетпеш үчүн шайлаганбыз, бирок биз сизден жакшы иштеп берүүңүздү суранганбыз, сиз бир жылдын ичинде жыйынтык көрсөтө алган жоксуз, ошондуктан ишенбөөчүлүк көргөзүп жатабыз» дешти. Ал эми талапкерлигин көрсөтүп жаткан Тилек Бектуров кесиби боюнча мугалим. Ал талапты катуу койгон адам деп, эл бизден ошону шайлашыбызды суранып жатат. Бул шайлоо бир тур менен бүтүшү кыйын болуп жатат, себеби саясий кырдаал оор болууда», - дейт ал.

Төрт-Күл айылдык кеңештин төрагасы Бакыт Зарлыков жогоруда айтылган сөздөргө комментарий берди.

«Мен айыл өкмөт башчысына талапкер У.Байсеркеев менен жөн гана таанышмын. Аябай жакын дос дегендери чындыкка дал келбейт. Анын талапкерлигин Темир-Канат округунун депутаттары көрсөтүп чыгышкан. Өзү дароо макул болгон жок, 10-январдан 19-январга чейин каттоо күнү болчу, акыркы күнгө чейин ал айылдан башка татыктуулар чыкса, мен талапкерлигимди койбой эле коёюн деген ойдо турган. Акыркы күнү бир эле талапкер болгондугуна байланыштуу, ал өзүн талапкер кылып көрсөттү. Бул жерде тургундар куру намыска алдырып, «айыл өкмөт башчы биздин эле айылдан болуш керек, башка жактан болбошу керек» деген көз карашта болушууда. Айла жоктон шайлаганбыз деген сөзгө мен кошулбайм. Мандатты сактап калуу үчүн шайлоо жүргөн деген сөз дагы чындыкка дал келбейт. Былтыркы шайлоодо башка жактан койбой эле, өзүң талапкерлигиңди көрсөт, биз колдойбуз деген сөздөрү чын. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу койгон жокмун. Ошондой эле, башка жактык деп бөлгөндөрү туура эмес. Мисалы өзүм деле Бөкөнбай айылында туулгам. Төрт-Күл айылына кийин көчүп келгем», - деди ал.

Белгилей кетсек, Төрт-Күл айыл аймагынын башчысы өз калоосу менен кеткендигине байланыштуу 26-январда айыл өкмөт башчысы шайланат. Бөкөнбай айылынын тургуну Урмат Байсеркеев, Төрт-Күл айылынын тургуну Тилек Бектуров айыл өкмөт башчылыкка ат салышууда. Акыркы алты жылда төртүнчү айыл өкмөт башчы шайланганы жатат.

Толук маалымат шилтемеде