Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

ГАМСУМО: 2017-жылды жыйынтыктоо коллегиясы болуп өттү

Turmush - Өкмөткө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин кезектеги коллегиясы кечээ, 31-январда өттү. Коллегия Агенттиктин директору Бахтияр Салиевдин төрагалыгы астында болуп, вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев, Өкмөт аппаратынын өкүлдөрү жана коомдук кеӊештин мүчөлөрү катышты.

Мамлекеттик агенттик өз ишмердүүлүгүн 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасында, Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясында, административдик-аймактык реформанын концепциясында, коррупцияга каршы туруунун мамлекеттик стратегиясында, «2013-2016-жылдарга Айрым өзгөчө статуска ээ болгон чек-ара аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик программасында, Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыктарында жана өкмөттүн токтомдорунда мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу боюнча иш-чараларды камтып, Агенттиктин 2017-жылга түзүлгөн комплекстүү иш-планына ылайык жүргүздү.

Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жаатында:

2017-жылы Агенттик тарабынан 15 мыйзамдын долбоору, өкмөттүн чечимдеринин 23 долбоору (18 токтом, 5 буйрук) иштелип чыккан.

Иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюштуруучулук укуктук негиздерин өркүндөтүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердиктерин уюштурууну жакшыртууга, алардын кабыл алган чечимдери, жасаган аракеттери терс кесепеттерге алып келген учурда тиешелүү аймакта тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүүгө, жергиликтүү кеңештер, шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрдүн башчыларын айрым партиялык фракциялардын, депутаттык топтордун кеңештердин жыйналыштарынын кворумун атайылап түзбөй койгондуктарынан жергиликтүү өз алдынча башкарууну аткаруу органдарынын башчыларынын шайланбай калышынын кесепеттерин азайтууга, калктуу конуштарга статус берүүгө, муниципалдык кызматтын сапатын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлгөн коомдук бирикмелерди өнүктүрүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык бирдиктерди оптималдаштыруу максатында айыл аймактарын ирилештирүүнү жүргүзүүгө негизги критерий катары саны 5 миңге жетпеген калкы бар, бир эле айылдан турган айыл аймактарынын саны такталды. Республиканын аймагында жайгашкан калктуу конуштарды ирээтке келтирүү максатында калктуу конуштарга айыл макамын ыйгаруу боюнча 2 мыйзамдын долбоору даярдалып, алардын негизинде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 5 калктуу конушка айыл статусу ыйгарылды.

Азыркы учурда 5 калктуу конуш боюнча өкмөттүн токтому кабыл алынып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Региондордун социалдык-экономикасын өнүктүрүү

Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программанын негизинде чек арада жайгашкан 59 айылдын жана 10 участоктун тизмеси такталып, өкмөттүн токтому менен бекитилген.

Программанын 1-этабында каралган иш-чаралардын аткарылышы өкмөттүн жыйынында каралып, агенттикке мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырылган.

Программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча 77 иш-чара камтылган, аларды аткарууга 3 млрд 900 млн сом акча каражатын аныктаган пландын долбоору иштелип чыгып, өкмөттүн токтому менен 2018-жылдын башында бекитилди. Аталган иш-чараларды аткаруу менен өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактардын социалдык-экономикалык абалын чыңдоо, ички миграция, социалдык жана инфраструктура маселелерин жакшыртууга шарт түзүлөт. Иш-чарада конкреттүү максат, милдеттер, аткаруу мөөнөттөрү жана жооптуу аткаруучу мамлекеттик органдар аныкталган.

Чек арада жайгашкан айрым аймактардын тизмесине калктуу конуштарды киргизүү боюнча критерийлерди аныктаган «Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамы иштелип чыгып, кабыл алынды. Мыйзамды аткаруу максатында түзүлгөн мекемелер аралык комиссия мыйзамда аныкталган критерийлердин негизинде 190 айылга өзгөчө статус берүү боюнча маселени карап чыгып, тиешелүү чечим чыгарат.

2017-жылга карата өзүн-өзү камсыз кылган (дотациядан чыккан) айыл аймактардын саны 71 болуп, дотациялык абалдагы айыл аймактардын саны 382ни түзүп, 2016-жылга салыштырганда 6га көбөйгөн.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» мыйзамын аткаруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине кирген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары бекитилди.

Муниципалдык менчик:

Республиканын 453 айыл аймагы жана 31 шаарында муниципалдык менчиктин объектилерине инвентаризациялоо жүргүзүлүп, жыйынтыгында жалпы 13072 муниципалдык менчик объектилеринен 9499 (73%) каттоодон өткөнү, ал эми 3154(27%) каттоодон өтө электиги, 7 жылдын аралыгында муниципалдык менчик объектилеринин саны 4228 бирдикке көбөйгөндүгү аныкталды.

Жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу муниципалдык менчикти мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү 20% жеңилдик менен каттоонун мөөнөтүн узартуу боюнча Агенттик Мамлекеттик каттоо кызматы менен Меморандум түзүп, анын алкагында 230 муниципалдык объект мамлекеттик каттоодон өттү.

Агенттиктин буйругу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык-экономикалык базасын түзүү максатында шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык паспортунун негизги көрсөткүчтөрүн камтыган типтүү форма бекитилип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан толтурулуп, өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасын ишке ашыруу максатында тиешелүү министрликтер менен биргеликте паспортту автоматташтыруу боюнча иш планы иштелип чыкты.

Ошондой эле «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын алкагында муниципалдык мүлктү сатууну жана ижарага берүүнү электрондук формада өткөрүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан чечим кабыл алынып, алгачкы этапта пилоттук катары Токмок, Кант шаарлары жана Ново-Покровка айыл аймагы аныкталып, муниципалдык мүлктү башкарууда жергиликтүү бюджеттерге кошумча кирешени жана ачык-айкындыкты камсыз кылуу максатында электрондук формада сатуу жана ижарага берүү боюнча методикалык документ иштелип чыкты.

Элдин биримдигин чыңдоо багытында:

Жалпы жарандык бирдейликти калыптандыруу, этностук коомчулукту жакындаштыруу, этностор аралык, диний чыр-чатактардын алдын алуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин, Агенттиктин жер-жерлердеги коомдук кабылдамаларынын жооптуу катчыларынын, коомдук консультативдик кеңештердин мүчөлөрүнүн иштөө дараметтерин жогорулатуу максатында 22 иш-чара уюштурулду (форум, жаштар конференциясы, этномаданий фестиваль-кѳргѳзмѳлѳрү, семинар тренингдер). Жыйынтыгында катышуучулар тарабынан концепцияны ишке ашыруу максатында аткарылган иштерге оң баа берилип, 2018-2023-жылдарга карата жарандык интеграцияны өнүктүрүү багытында жүргүзүлө турган иштерге сунуштар айтылды.

Республиканын 20 полиэтникалык район-шаарларында иш алып барып жаткан коомдук кабылдамалардын жооптуу катчылары тарабынан 2017-жылы 635 профилактикалык иштер жүргүзүлүп, аларга жергиликтүү тургундардан 386 ар-кандай өңүттөгү кайрылуулар түшүп, тиешелүү чаралар көрүлгөн. Чакан гранттар программасынын сынактык комиссиясы тарабынан 23 долбоордук сунуштар каралып, жеңүүчүлөр деп тандалган 7 гранттык долбоорго 1 млн 680 миң 130 сом акча каражаты гранттык негизде берилген.

Акыркы жылдар ичинде жүргүзүлгөн мамлекеттик саясаттын жана жалпы коомчулуктун колдоосунун негизинде 2013-жылга караганда этностор аралык чыр-чатактар 4 эсеге азайган.

2018-2023-жылдарга кабыл алына турган «Жаңы доорго кырк кадам» улуттук программасынын негизинде 2018-2023-жылдар мезгилине «Кыргыз жараны» жарандык интеграцияны өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу боюнча Агенттиктин сунушу Президенттин аппаратына жиберилген.

Эл аралык уюмдар менен иш алып баруу:

Жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу Агенттик тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү, алардын донорлор, жарандык коомчулук менен өз ара байланышын бекемдөө максатында мамлекеттик агенттикте түзүлгөн донорлордун жана эл аралык уюмдардын координациялык кеңешинин иши өз натыйжасын берүүдө.

2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде мамлекттик финансы чөйрөсүндө «тең-теңине» принцибинин негизинде окутуу тажрыйбасын кеңейтүү боюнча Дүйнөлүк банктын долбоору Агенттик тарабынан ишке ашырылды. Анын негизинде райондук деңгээлде 40 айылдык кеңештердин бюджеттик комиссиясынын төрагаларын жана 40 айыл өкмөттөрүнүн финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн башчыларын камтыган 40 тажрыйба алуу жамааттары түзүлүп, анын бюджеттер аралык мамилелер жана мамлекеттик сатып алуулар маселелери боюнча 960 окутуулар өткөрүлдү. Натыйжада Финансы министрлигинин жана эсептөө палатасынын кызматкерлери тарабынан 40 тажрыйба алуу жамааттарынын 57 лидерлери окуудан өттү.

Агенттик тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында Корея мамлекетинин Ички иштер министрлиги менен меморандум түзүлүп, эки тараптуу кол коюлду. Меморандумдун алкагында 100дөн ашуун айыл лидерлери жана мамлекеттик кызматкерлер Кореядагы 10 күндүк «Жаңы айыл кыймылы» программасы менен тренинг өтүп, айылды өнүктүрүүнүн алдыңкы тажрыйбалары менен таанышып келишти.

Сынактын негизинде айылдарды өнүктүрүүгө багытталган 5 айылдын долбоорлору жактырылып, 10 миң доллар өлчөмүндө акча каражат берилди. Андан тышкары 4 айылдын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча айыл өкмөттөрдүн 16 кызматкери Кореяда окуудан өтүп, Кореяда жактырылган долбоорлорго 30-40 миң доллардан гранттык каражат берилген. Корея мамлекетинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен пилоттук айылдардын 80 лидерине тажрыйба алмашуу боюнча семинар өткөрүлдү.

Андан тышкары Агенттик тарабынан БУУнун өнүктүрүү программасы, ИПР, Ага-Хан, Ханнс Зайдель фонду, КОЙКА эл аралык уюмдар менен биргеликте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине көмөк көрсөтүлүп, жардамдар берилди.

2018-жылга карата милдеттер:

2018-жылы Агенттик тарабынан Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам 2018-2023» программасынын жана Кыргыз Республикасынын президентинин 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы жөнүндө жарлыгынын алкагында төмөнкү багыттарда иштер жүргүзүлөт.

- Агенттик тарабынан Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча 2018-2022-жылдарга карата иштеп чыгылган программа өкмөт тарабынан кабыл алынгандан кийин ишке ашыруу;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын 2-этабында каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

- Администрациялык-аймактык бирдиктерди оптималдаштыру максатында айыл аймактарын ирилештирүү боюнча иштердин жүрүшүндө калктуу конуштарга айыл статусун берүү боюнча иштерди айкалыштырып жүргүзүү;

- 2013-2017-жылдар мезгилине кабыл алынган Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын аткарууда жетишкендиктерди улантуу менен 2018-2023-жылдар мезгилине карата «Кыргыз жараны» жарандык интеграцияны өнүктүрүү багытында кабыл алынуучу программалык документти ишке ашыруу боюнча туруктуу иш алып баруу максатында Агенттиктин иш-чаралар планын өз убагында иштеп чыгуу жана аны аткарууга, Агенттиктин компетенциясына кирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагын өркүндөтүү жана элдин биримдигин чыӊдоо багытында бир катар иштер жүргүзүлмөкчү.

Толук маалымат шилтемеде