Форум
Всего тем: 2
Всего сообщений: 1
Новое на форуме

Жалал-Абад шаардык инфраструктурага 155 млн.сом жумшайт

Эми Жалал-Абад шаарында жергиликтүү аткаруу бийлиги быйыл шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн толук кандуу иш жүргүзө алат. Кечээ депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 5-сессиясы Жалал-Абад шаарынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, бир добуштан бекитти.

Шаардык кеңештин кезектеги сессиясына 31 депутаттын 27си катышты. Сессиянын жыйынына шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев төрагалык кылып, ага шаар мэриясынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомчулуктун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Шаардык кеңештин бюджеттик комиссиясы жыл башынан бери эле шаар мэриясы тарабынан сунуш кылынган бюджет долбоорун карап, өзүнүн отурумунда жактырган болчу. Ошентип, быйылкы жылы шаар бюджетинин киреше бөлүгүнүн божомолу 328 миллион 482 миң сомго, атайын каражаттардын эсебинен жалпысынан 403 миллион сомго барабар болду. Ал эми анын чыгаша бөлүгү жалпысынан 410 миллион 528 миң 300 сом деп аныкталды. Мында өткөн жылы пайдаланылбай калган 82 миллион сом эске алынды.

Жалал-Абад шаардык каржы башкармасынын башчысы Азамат Раматиллаевдин айтымында, быйылкы жылдын бюджетинин өзгөчөлүгү шаар инфраструктурасын жакшыртууга бөлүнгөн каражаттардын көптүгүндө. Эгер бир нече жыл мурда бул багытта бюджеттин 25-30 миллион сом каражаты жумшалып келсе, быйыл бул максатка 155 миллион сом каражат жумшалат.

Шаардык кеңештин депутаттары мындан башка да бир топ маанилүү маселелерди карап, тийиштүү чечимдерди кабыл алышты. Ал эми шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев жана шаар мэри Салайдин Авазов эки айга жакын убакыт ичинде шаар бюджетин кылдат карап чыккандыгы үчүн шарадык кеңештин бюджеттик комиссиясынын курамына ыраазылык билдиришти.

Толук маалымат шилтемеде